Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Чүй облусуСокулук району 12.07.2018 18:48 На русском

Сүрөттөр — «Суу чачышып жатышкан»: Сокулукта конокко барган эки медициналык кызматкер сууга агып каза болду

Turmush -  Сокулук районуна конокко барган эки кенже медициналык кызматкер сууга агып каза болушту. Окуя ушул жылдын 7-июлунда болгон. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өздүк булактар билдиришти.

Аталган фактыны Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктап: «Чүй облусунун Сокулук райондук аймактык оорукананын кардиология бөлүмүнүн кызматкерлери кесиптешинин үйүнө конокко барып, 2 кенже медициналык кызматкер үйдүн жанындагы шар аккан сууга агып каза болушкан», - деп кошумчалады.

Кенже медициналык кызматкерлер менен чогуу конокко барган кардиология бөлүмүнүн жетекчиси Дамира Мусабаева окуянын чоо-жайын мындайча айтып берди.

«Биздин башкы медайымыбыз үйүнө конокко чакырган. Үйүнө жаңы эле барып бир чыныдан чай ичип, сыртка чыгып, төшөк жайып, суудан алыс жерде көлөкөлөп отурганбыз. Казандагы тамак быша элек болчу. Үйдүн жанындагы суу күркүрөгөн, шар аккан суу экен. Адам ага түшмөк турсун жакын жолой албайт. Бирок төмөн жагында жайылып аккан жери бар экен. Сууга агып кеткен эки кызыбыз ошол жерге барып буттарын салып, бири-бирине суу чачышып жатышкан. Бизден алар 5-6 метр алыс жерде болгондуктан, сууга кантип кирип кеткендерин байкабай калдык. Биздин болжомолубуз боюнча, алар суу чачышканда бири ары кетенчиктеп тайып кеткен окшойт. Тайып баратып беркини кошо тартып кеткенби, айтор биз ушундай ойлоп калдык. Ошол күнү ишемби болчу. Мындайча айтканда, кыска жумуш убактысы болчу. Конокко баргандардын жумуш күнү бүткөн эле. Ал эми калгандары жумушта, ордуларында эле калган. Мен жандандыруучу бөлүмдөн бейтапты которуп коюп, күндүзгү саат 01:30да баргам. Кыздар болсо эртең менен кетишкен», - деди ал.

Ал эми Сокулук райондук аймактык ооруканасынын директору Советбек Сооронбаев: «Кардиология бөлүмүнүн башкы медайымы ушул Сокулук районунун Төш-Булак айыл аймагына караштуу Бөрүлү деген айылында жашайт. Ал жашаган үйдүн жанында чоң суу бар экен. Ушул тапта суу кирип, шаркырап агып жатыптыр. Кыздардын айтымында, экөө суу жээгине барып, бири-бирине суу чачышып жатып кирип кетишкен экен. Бирок кыздар кантип түшүп кеткенин байкабай калышыптыр. Кырсык болгондон кийин мага чалышты. Биз окуя болгон жерге Сокулуктун башчысынын орун басары экөөбүз чогуу бардык.

Кызматкерлер жумуштан сырткары, эс алуу убагында конокко барышкан. Ак халатчандардын күнүн бир жума мурун белгилеп койгонбуз. Жумуштан кийин, эс алуу убагында мен аларды конокко барбагыла деп кантип айтам? Алар кайда жана кантип эс аларын өздөрү билет да. Жумуш убактысын эч ким таштаган эмес», - деди ал.

Кардиология бөлүмүнүн медайымы Эльмира Өмүралиева да кырсык болгон күнү конокко кесиптештери менен чогуу барган.

«Биз 7-июль күнү саат 10:30 чамасында башкы медайымдын үйүнө чогулуп барганбыз. Жетекчибиз артыбыздан түштөн кийин барды. Чай ичип, сыртка чыгып, суу жээгине төшөк салып отурдук. Бизден 5-6 метр алыстыкта маркум кесиптештерибиз ысып кеттик деп, суу чачышып жатышкан. Эмне болуп түшүп кетишкендерин байкабай калдык. Ушундай жаман кырсык болуп кетти», - деди ал.

ӨКМдин Сокулук райондук бөлүмүнүн кызматкерлеринин берген маалыматы боюнча, маркумдардын денеси болжол менен кечки саат 20:00 чамасында табылган.

«Куткаруу ишине 11 киши барды. 2 чакырым жерден, арыктын ылдый жагынан саат 20:00 чамасында маркумдардын денесин таап чыктык», - деп айтылат маалыматта.

Каза болгон кенже медициналык кызматкерлердин бири 58 жашта болсо, экинчиси 40 жашта болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×