Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 12.07.2018 09:54 Жаңыланды: 12.07.2018 15:50 На русском

Сания Шакированын өлүмү: Полковниктин уулу үй камагына чыгып, маркумдун апасы президентке кайрылды (видео)

Turmush -  Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында жол кырсыктын кесепетинен көз жумган дүйнөлүк сулуулар сынагынын жеңүүчүсү Сания Шакированын апасы Насипа Мамбеталиева президент Сооронбай Жээнбековго жана коомчулукка кайрылып, жол кырсык боюнча айыпталып жаткан адамдын иши боюнча адилеттүү чечим чыгышына жардам сурады.

Н.Мамбеталиеванын айтымында, жакында эле Ысык-Көл облустук сотунда Сания Шакирова каза болгон жол кырсык боюнча иш каралган отурум болгон. Анын жыйынтыгында айыпталып жаткан айдоочу камактан бошотулган.

Буга байланыштуу Сания Шакированын апасы президентке видео кайрылуу жолдогон. Анда ал унаанын айдоочусу мас абалда болгондугун жана ал катуу ылдамдыкта келе жаткандыктан жол кырсык болгондугун айткан.

Ошондой эле, ал шектелип жаткан адамды райондук сот 2 айга камакка алганына карабай эркиндикке коё берилгенин билдирген. Ал эми облустук сот даттануудан кийин аны үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.

«Мен соттун чечими менен макул эмесмин. Айыпталып жаткан айдоочу эркиндикке чыгып кетти. Мас абалда унаа башкарып, жол кырсыкка себептер болуу бул кылмыш эмеспи?», - дейт ал.

Ал эми Ысык-Көл облустук соттун басма сөз кызматынан маалымдашкандай, айыпталып жаткан унаанын айдоочусу оорусуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Маалыматка караганда, 27-июнда облустук сотто санкция боюнча чечим кабыл алынган. Анын жыйынтыгында, айдоочу К.Ч. баардык тергөө иштери аягына чыкканга чейин үй камагына чыгарылган. Мындай чечим К.Ч.нын ден соолугунун абалына тактап айтканда, жол кырсык учурунда акырегинен жана башка жерлеринен жараат алгандыгына байланыштуу кабыл алынган.

Окуя тууралуу

2018-жылы 2-июнда саат 22:00 чамасында Каракол—Чолпон-Ата—Балыкчы унаа жолунун 52-чакырымында, тактап айтканда Чок-Тал айылынын аймагында жол кырсык болгон. «Равон Нексия Р3» үлгүсүндөгү унаа жолдун четиндеги мусулмандардын көрүстөнүндөгү пескоблоктон тосулган тосмону сүзүп, жараксыз болуп талкаланган. Бул унаадан бир адам (аял киши) каза болуп, эки эркек киши жаракат алганы маалымдалды.

Андан көп узабай окуя болгон жерде көз жумган жүргүнчү Кара-Балта шаарынын 1987-жылы туулган тургуну Сания Шакирова экени такталды.

Адам өлүмү менен коштолгон жол-транспорт кырсыгына кабылган «Равон Нексия Р3» автоунаасы «Намба такси» фирмасына таандык. Аталган унаа Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылындагы «Карвэн Четыре Сезона» эс алуу борборунан чыгып, Бишкек тарапты көздөй багыт алган.

С.Шакированын жанындагы жүргүнчү Р.С. Чолпон-Ата шаардык ооруканага жеткирилип, дарыгерлер баш сөөгүнөн жаракат алган, баш мээси чайкалган, бети тытылган деген корутунду чыгарышкан. Р.С. биринчи медициналык жардам алгандан кийин Бишкекке жөнөтүлгөн. Ошондой эле автоунаанын айдоочу К.Ч. да Бишкектеги ооруканага жеткени маалым болду.

Бул жол кырсык боюнча 3-июнда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Айдоочу К.Ч.нын көрсөтмөсүндө «Равон Нексия Р3» унаасы Тимур аттуу досуна тиешелүү болгон деп билдирген. Ал 31-майда С.Шакирова жана С.Р. менен чогуу Чолпон-Ата шаарына эс алууга барган. Ушул жерден К.Ч. досу Тимур менен автоунаасын алмашып, 2-июнда болжол менен саат 20:30 чамасында Бишкек тарапты көздөй багыт алган.

Кийинчерээк Turmush басылмасына булактар аркылуу маалым болгондой, талкаланган унааны ИИМдин Адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын мурунку башчысынын уулу башкарып бара жаткан. Айдоочунун атасы — милициянын полковниги, 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын биринен талапкер болуп каталган.

Ал эми, унааны башкарып жүргөн 31 жаштагы К.Ч. ИИМдин атайын мектебинин курсанты болуп, кийин Адистештирилген күзөт кызматынын Бишкектеги райондук бөлүмдөрүнүн биринде эмгектенген.

Ал эми Ысык-Көл ОИИБдин катчысы Сталбек Усубакунов айдоочу учурда милиция кызматкери эмес, деп билдирди. Анын айтымында, көрсөтмө берген учурда айдоочу убактылуу эч жерде иштебей турганын айткан.

«Айдоочу — 1987-жылы туулган К.Ч. милиция кызматкери деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Биз бул маалыматтарды дагы бир ирет текшерип чыктык. Айдоочу милиция кызматкери эмес», - деди С.Усубакунов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Тема боюнча:

03.06.2018Дүйнөлүк сынакты жеңип келген Сания Шакирова көз жумду. Жол кырсык болгон жерден сүрөттөр
03.06.201831 жашында көз жумган Сания Шакирова жол кырсыкка чейин турмушка чыгуу сунушун алган
04.06.2018Фото — Дүйнөлүк сулуулар сынагын жеңип келген Сания Шакированы жерге берүү зыйнаты өтүп жатат
04.06.2018«Досум экөөбүз унаабызды алмашканбыз»: Сания Шакирова каза болгон жол кырсыктын жаңы жагдайлары (фото)
07.06.2018Сулуулар сынагынын жеңүүчүсү Сания Шакированын өлүмү: Айдоочу мас абалда болгон, - ОИИБ
07.06.2018Сулуулар сынагынын жеңүүчүсү Сания Шакированын өлүмү: Айдоочу ооруканада камакка алынды
08.06.2018Сания Шакированын өлүмү: Унааны досу эмес, жигити башкарып баратканбы?
12.06.20183 баланы энесиз калтырган жол кырсык: Сания Шакирова бүгүн 31 жашка толмок...
19.06.2018Сания Шакированын өлүмү: Айдоочу борбордогу ооруканадан убактылуу кармоочу жайга которулду
28.06.2018Сания Шакированын өлүмү: Маркумдун апасы полковниктин уулу кайсы жерде иштерин айтып берди
07.07.2018«Биздин апабыз дүйнөдө теӊдешсиз эне»: Сания Шакированын туугандары кыркылыгын өткөрүп жатышат (сүрөттөр)
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×