Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Чүй облусуЖайыл району 11.07.2018 12:11

Менин айылым: Кышы суук Суусамырга эл кайсы жерден келип отурукташкан? (фото)

Turmush -  Суусамыр аймагында Суусамыр, Тунук, Биринчи Май, Кызыл-Ой, Кожомкул, Кайсар деген 5 айыл жайгашкан. Калкынын саны сырткы миграцияны кошкондо 7 миңден ашык. 2 миңден ашык түтүн жашайт. Анын аянтын унаа барган жерге чейин эсептегенде, тактап айтканда Өтмөк деген жерден тартып Сөөк-Каракол деген жерге чейин 160 км, туурасы 40-60 чакырымга жетет. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургун Урматбек Эркегулов айтып берди.

Анын айтымына караганда, суусамыр деген сөз суу мамыры деген сөздөн алынып, ал суунун тазасы дегенди түшүндүрөт.

«Суусамыр элин мындан 200 жыл мурун Мамаке деген бий Жумгалдын Кайырма, Дыйкан деген жеринен көчүрүп келип отурукташтырып, ар бир урууга жер бөлүп берген экен. Ошол учурда бул жер Кокон хандыгына баш ийген.

Күрүчбек эли деп аталып калганбыз. Күрүчбек биздин таятабыз болгон. Анын күйөө баласы Кулжыгачтын биринчи аялы Сейдакандын Караболот, Шаболот, Коюке, Жолуке деген 4 баласынан тараганбыз. Ал эми экинчи аялы Супканадан Итемген, Сүтэмген деген эки баласы болгон. Итемгенден Кырбаш уруусу Суусамырда болсо, Сүтэмгендер булар түштүк тараптарда. Жалпы 11 уруу бар. Илгери бул жерге киши жашаган эмес. Болгону жайкысын Таластан, Токтогулдан келип эле жайлап кетишчү экен.

Суусамыр деген сөз суу мамыры деген сөздөн алынып, суунун тазасы дегенди түшүндүрөт. Айрымдар Суусамыр жеринин картасынын түзүлүшү жаткан суусардын сүрөтүнө окшош, ошон үчүн Суусамыр аталып калган дешет. Бул жерде эч ким билбеген Манасты кароолу деген тоодо казанды аскан таш тулгалары бар. Бул сырды билген да, билбеген да бар.

Суусамырда 6 ай кыш болуп, кышында суук 35-45 градуска чейин жетет. Кардын калыңдыгы 80 сантиметрден 1 метрге чейин болсо, тоо кыркаларында 1 метрден ашат. Элдин көпчүлүгү арпа, эспарцет, картошка, кызылча, сарымсак, капуста айдап дыйканчылык менен жана мал чарбачылык менен алектенишет, ал эми жайында жайлоодо болушат. Ден соолукка пайдалуу чөптөр да өсөт. Бут баскан жерлердин бардыгы дары чөптөр.

Жайлоолору да өзүнчө керемет. Калинин районунун жайлоолору дагы бар. Суусамырда Каракол, Сандык, Бөйрөк, Жыламыш, Арамза, Талдуу-Суу, Жоо-Жүрөк, Токойлуу, Киндик, Сөөк-Каракол, Балыкты деген жайлоолор жана Суусамыр, Каракол деген эки чоң суусу бар. Бул эки суу Кожомкул айылынын этегинен биригип, Көкөмерен дарыясына кошулат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×