Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Чүй

Кемин районунан 35 тоголок жетим бала Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

Turmush -  Кемин районунан 35 тоголок жетим бала Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, балдар 10-июлда Кемин райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жана ӨКМдин кызматкерлери тарабынан «Дзержинец» лагерине 5 күнгө жөнөтүлдү.

Маалым болгондой, ар бир балага айыл өкмөттөрдөн 3500 сомдон бөлүнгөн. Жалпысынан 122 миң 500 сом сарпталган.

Кызыл-Октябрь айылынан 8 тоголок жетим бала, Чым-Коргон айылынан жакыр жашаган үй-бүлөлөрдөн 4 бала, Илич айылынан 3, Кара-Булак айылынан 2, Кичи-Кемин айылынан 2 бала жөнөтүлдү, ал эми калган балдар ата-энесинин эсебинен кетишти.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 690
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×