Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Чүй облусуСокулук району 10.07.2018 12:12

Сокулуктагы эки айылды бириктирген жолго асфальт төшөлүүдө

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаӊы-Жер менен Зеленое айылдарынын ортосундагы 5 км жол асфальт менен төшөлүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Жаӊы-Жер айыл өкмөт башчысы Мирлан Жекшенов билдирди.

«Союздун убагындагы асфальт жол керектен чыгып калган. Өзүӊөр билгендей, Зеленое айылында №19 түзөтүү абагы жайгашкан жана ушул эле айылдын тургундары Жаӊы-Жер аркылуу шаарга катташат. Былтыр 1,8 км жасалган. Быйыл болсо 1100 км жасалды. А, негизи жалпы 5 км жол. Ошондо дагы 2 чакырымга жакын жол жасалышы керек», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×