Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Чүй облусу, Токмок 10.07.2018 10:24 На русском

7 жыл мурун дайынсыз жоголгон аял: 2 ай мурун жазылган арызга милиция чара көрө элек, - туугандары (фото)

Turmush -  Токмок шаарында Анаркүл Жээнчороева аттуу аял 2011-жылы күндүзгү саат 15:00-16:00 чамасында сиӊдисинин үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Анын жакындары мындан 2 ай мурун Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө кайрылып издөө салышкан.

Анаркүл Жээнчороеванын бир тууган сиӊдиси Жыпара: «Биз 15-майда арыз жазганбыз. Бирок андан бери эч кандай чара колдонулган жок. Кечээ ШИИБге барсак, биздин арызды алган милиция кызматкери жумушта жок экен», - деди ал.

Буга чейин Токмок шаарында Анаркүл Жээнчороева аттуу аял 2011-жылдан бери дайынсыз болуп жаткандыгы маалымдалган.

Анын Ырыс аттуу таежесинин айтымында, Анаркүл Жээнчороева Токмок шаарындагы сиӊдисинин үйүнөн күндүзгү саат 15:00-16:00 чамаларында чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес. Таежесинин айтымында, А.Жээнчороева Казакстанга тез-тезден каттап, талаа жумуштарында иштеп келчү.

«Ал 2008-жылы Чүй районунун Кегети айылынын тургунуна турмушка чыккан. Бирок балалуу болгон жок. Кийин жолдошу менен ажырашып кеткен экен. Өзү жалгыз Бишкекте батирде жашап жүрчү. Акыркы жолу туугандары көргөндө сол көзүн ак чел каптап калганын байкашкан. Аны болсо баары эле Казакстанда же дагы бир жерде иштеп жүрөт деп ойлоп жүрө беришкен экен. Мындан 4 жыл мурун атасы кайтыш болгондо да келген эмес. Ошондон улам туугандары тааныш-билиштерден сураштырып, издей башташты. Бирок табылып калат, дагы бир жерде иштеп жүрөт деген ой менен эч ким милицияга кайрылган эмес. Ушул жакын арада эле Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө кайрылышты. Акыл-эстен жабыркап ооручу эмес», - деди ал.

А.Жээнчороева Нарын облусунун мурунку Тянь-Шань районундагы Жан-Булак айылында 1964-жылы 25-июлда төрөлгөн. Акыркы жолу үйдөн чыгып кеткенде үстүнө кызыл спорттук кийим, кара юбка кийип жүргөн. Бою 165 см, чачы узун, кара.

А.Жээнчороеванын кайда жүргөнүн билгендер 0705 56 79 26 номуруна чала алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×