Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Чүй

Убадалар аткарылбай жатат: Кеминдиктер Транспорт министирлигинин алдына нааразычылык акцияга чыгышты (фото)

Turmush -  Бүгүн, 9-июлда Кемин районуна караштуу Бейшеке айылынын тургундары Транспорт жана жолдор министрлигинин алдында нааразычылык акция уюштурушту.

Маалым болгондой, акцияга болжол менен айылдын 40ка тургуну келди.

Айылдык кенештин төрагасы Бакыт Сыдыковдун айтымында, жолдор 1970-жылдардан бери оңдоло элек.

«Биздин айылда жолдор 20-кылымдын 70-жылдарынан бери турат. 30 жылдан ашуун убакыттан бери ушундай жолдордо жашайбыз. Жолдордун айынан айылыбызга тез жардам, автобусттар келбейт. Таксилер болсо жол кирени 2 эсе көп сурашат. Өлкөбүздө улам премьер-министр алмашып жатса да дайым аларга кайрылуу жасап, Жогорку Кеңешке да 2 жолу кайрылганбыз. Транспорт миниситрлигине да бир нече жолу кайрылганбыз. Сөз берип, жыйынтыгы жок болуп жатат», - деди ал.

Бүгүн нааразычылык акциясына чыккандарды Жол чарба департаментинин директору кабыл алып, 5 күн убакыт берүүнү суранышкан.

Бейшеке айылында жалпы 2500 адам жашайт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1117
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×