Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 08.07.2018 19:32

Президент эл артисти Д.Байдөбөтовдун үй-бүлөсүнө 100 миң сом бөлүп берди

Turmush -  Президент Сооранбай Жээнбеков эл артисти Дүйшөнбек Байдөбөтовдун үй-бүлөсүнө 100 миң сом бөлүп берди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга актёрдун туугандары билдиришти.

Маалым болгондой, социалдык коргоо жана өлкө башчысынын материалдык колдоо фондунан бөлүнгөн каражатты эл артисттин үй-бүлөсүнө президенттин кеңешчиси Султан Раев тапшырды.

Д.Байдөбөтов эртең, 9-июлда Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылында акыркы сапарга узатылат.

Буга чейин 7-июль күнү Кыргыз Республикасынын эл артисти Дүйшөн Байдөбөтов көз жумганы маалым болгон. Сахналаштары билдиргендей, 69 жашында каза болгон актёр инсульт менен жабыркап, акыркы күндөрү убактысын үйүндө өткөрүп келген.

Дүйшөн Байдөбөтов

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×