Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Чүй

«Биздин апабыз дүйнөдө теӊдешсиз эне»: Сания Шакированын туугандары кыркылыгын өткөрүп жатышат (сүрөттөр)

Turmush -  Бүгүн, 7-июлда Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарында маркум Сания Шакированын кыркылыгы өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга алып баруучу, коомдук ишмер Ассоль Молдокматова билдирди.

«21-июнда Саниянын улуу кызы 12 жашка толду. Экөөбүздүн туулган күнүбүз бир күндө. Бул куракта кызга апасынын кеӊеши абдан керек эле. Санияны акыркы сапарга узатуу зыйнатында журналисттердин "апаӊ кандай адам эле?" деген суроосуна Алия: "Биздин апабыз дүйнөдө теӊдешсиз апа, ал бизди эч убакта урушкан эмес жана аябай катуу сүйчү" деп жооп берген.

Ушул күнгө чейин Сания күлүмсүрөп эшиктен кирип келчүдөй сезиле берет. Ал бир да адам жөнүндө жаман айтчу эмес, ар дайым жылмайып жүрчү. Алтургай душмандарын да оӊой эле кечирип койчу.

Мүрзөгө туугандары Саниянын эстелигин орнотуп, тегерегин курчап коюшту.

Саниянын өлүмү мени чоӊ кайгыга салды. Азыркы күнгө чейин өзүмө келе албай атам. Саниюша! Жаткан жериӊ жайлуу, топурагыӊ торкоо болсун! Биз сени эстейбиз, сүйөбүз», - деди ал.

--------------------------------------------------------------------------------------------------------

Miss Universe Beauty («Миссис Мира Вьетнам-2018») сынагынын жеңүүчүсү, ишкер жана 3 баланын жалгыз бой энеси Сания Шакирова 31 жашка толо электе жол кырсыктан көз жумган.

Кырсык 2018-жылы 2-июнда саат 22:00 чамасында Каракол—Чолпон-Ата—Балыкчы унаа жолунун 52-чакырымында, тактап айтканда Чок-Тал айылынын аймагында болгон. «Равон Нексия Р3» үлгүсүндөгү унаа жолдун четиндеги мусулмандардын көрүстөнүндөгү пескоблоктон тосулган тосмону сүзүп, жараксыз болуп талкаланган эле. Бул унаадан бир адам (аял киши) каза болуп, эки эркек киши жаракат алган.

4-июнда Кара-Балта шаарында Сания Шакированы жерге берүү зыйнаты өттү. Ал апасынын жеринде — Жайыл районунун Ийри-Суу айылында жерге берилген.

Сания Шакирова жол кырсыкка чейин турмушка чыгуу сунушун алган

Окуядан кийин маркумдун жакын курбуларынын бири Ассоль Молдокматова Саниянын жигити колун сурап, 101 роза гүлүн бергенин укканын билдирген.

«Курбум Сания Ысык-Көлгө жигити менен кеткен эле. Жигити Ысык-Көлдөн курбумдун колун сурап, турмуш курууга макулдугун алып, 101 роза гүлүн белекке бериптир. Ал (Сания Шакирова) абдан бактылуу экенин мага телефон аркылуу 1-июнь күнү билдирген. Мен чет өлкөдөн түнү учуп келип, эртең менен ушундай жаман кабар уктум», - деди А.Молдокматова.
Алгач С.Шакированын жигити жүргүнчүлөрдүн бири деп айтылып жатса, кийинчерээк рулду башкарып бара жатканы ачыкка чыкты. Адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктын айдоочусу Бишкектеги ооруканадан Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына 18-июнда которулган.
--------------------------------------------------------------------------------------------------------

Адам өлүмү менен коштолгон жол-транспорт кырсыгына кабылган «Равон Нексия Р3» автоунаасы «Намба такси» фирмасына таандык. Аталган унаа Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылындагы «Карвэн Четыре Сезона» эс алуу борборунан чыгып, Бишкек тарапты көздөй багыт алган.

С.Шакированын жанындагы жүргүнчү Р.С. Чолпон-Ата шаардык ооруканага жеткирилип, дарыгерлер баш сөөгүнөн жаракат алган, баш мээси чайкалган, бети тытылган деген корутунду чыгарышкан. Р.С. биринчи медициналык жардам алгандан кийин Бишкекке жөнөтүлгөн. Ошондой эле автоунаанын айдоочу К.Ч. да Бишкектеги ооруканага жеткени маалым болду.

Бул жол кырсык боюнча 3-июнда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Айдоочу К.Ч.нын көрсөтмөсүндө «Равон Нексия Р3» унаасы Тимур аттуу досуна тиешелүү болгон деп билдирген. Ал 31-майда С.Шакирова жана С.Р. менен чогуу Чолпон-Ата шаарына эс алууга барган. Ушул жерден К.Ч. досу Тимур менен автоунаасын алмашып, 2-июнда болжол менен саат 20:30 чамасында Бишкек тарапты көздөй багыт алган.

Кийинчерээк Turmush басылмасына булактар аркылуу маалым болгондой, талкаланган унааны ИИМдин Адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын мурунку башчысынын уулу башкарып бара жаткан. Айдоочунун атасы — милициянын полковниги, 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын биринен талапкер болуп каталган.

Унааны башкарып жүргөн 31 жаштагы К.Ч. ИИМдин атайын мектебинин курсанты болуп, кийин Адистештирилген күзөт кызматынын Бишкектеги райондук бөлүмдөрүнүн биринде эмгектенген.

Ал эми Ысык-Көл ОИИБдин катчысы Сталбек Усубакунов айдоочу учурда милиция кызматкери эмес, деп билдирди. Анын айтымында, көрсөтмө берген учурда айдоочу убактылуу эч жерде иштебей турганын айткан.

«Айдоочу — 1987-жылы туулган К.Ч. милиция кызматкери деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Биз бул маалыматтарды дагы бир ирет текшерип чыктык. Айдоочу милиция кызматкери эмес», - деди С.Усубакунов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4819
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×