Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Чүй облусуЧүй району 06.07.2018 17:03 Жаңыланды: 06.07.2018 18:09

Айдоочу уктап кеткен: Чүйдөгү жол кырсыктан 7 адам жабыркады, арасында наристелер бар (тизме)

Turmush -  Чүй районунун Дөң-Арык айылында жол кырсыктын кесепетинен 7 адам жабыркады.

Күбөлөрдүн айтуусунда, жол тандабас унаанын айдоочусу уктап кеткен.

«Жол кырсыктан жабыркаган 7 адам жол тандабастын ичинде болгон. Айдоочусу уктап кетип, жолдон чыгып, бакты сүзгөн. Кырсыкка кабылгандар Дөң-Арык айылынан болушат. Ичинде наристелер да болгон», - дешти алар.

Ал эми Чүй райондук аймактык ооруканадан жабыркагандардын абалы туруктуу экенин билдиришти.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, 5-июлда саат 22:00 чамасында райондук ооруканага 7 адам жеткирилген.

Алар:

- А.Б., 2007- жылы туулган;

- И.М., 2000-жылы туулган;

- А.Р., 2015-жылы туулган;

- Н.Н., 2017-жылы туулган;

- А.М., 1996-жылы туулган;

- Н.Э., 1996-жылы туулган;

- Б.И., 1981-жылы туулган.

Ооруканага түшкөн жарандардын баш мээси чайкалып, жаактары сынып, ар кандай жарааттарды алышкан. Бардыгына медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×