Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Чүй

Ысык-Атанын Люксембург айылынын 100 жашка чыккан тургуну С.Түмөнбаевага акчалай сыйлык берилди (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Люксембург айыл өкмөтүнүн тургуну Салыйбүбү Түмөнбаева 100 жашка чыкты.

Айыл өкмөт башчысы Эсенбол Буйляшевдин айтымында, кылым каарыткан Салыйбүбү апа өмүр бою колхоздо эмгектенген.

«Биздин айылдын сыймыгы болгон Салыйбүбү апанын туулган күнүн куттуктап, белектерибизди, гүлүбүздү жана 2000 сом акчабызды алып барып тапшырдык. Апабыз бизге каалоо-тилектерин айтып батасын берди», - деп билдирди ал.

Салыйбүбү Түмөнбаева Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Комсомол айылында 1918-жылы 2-июлда туулган. Анын бир кызы, бир небереси, бир чөбөрөсү бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 533
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×