Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 21.07.2018 15:06

Кылым карыткан жаш: Согуштан кийин жол оңдоп иштеген С.Түмөнбаева Брежнев каза болгондо ыйлаганын унутпайт (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Люксембург айылынын 100 жаштагы тургуну Салыйбүбү Түмөнбаеванын жолдошу Улуу Ата Мекендик согушка кетип, кайра кайтып келген эмес. Аймактык кабарчы кылым карыткан ападан кабар алды.

С.Түмөнбаева Кочкор районунун Комсомол айылында 1918-жылы 2-июлда төрөлгөн. Ал 1945-жылы Боом капчыгайынын жолун салып эмгектенген.

«4 эле класстык билимим бар. Согуш башталганда колхоздо иштедим. Талаада эгин, арпа оруп, кечинде фронттогу аскерлерге байпак, кол кап түйүп жөнөтчүмүн. Өтө оор, өтө кыйын мезгилди баштан кечирдик. Жолдошум согушка кетип, ошол бойдон кайтып келген жок. Ортобузда жалгыз кызыбыз калды. Жалгыз кызымды колума жетелеп, белимди бекем буудум да, эл менен жаңы заманга кадам таштадым. 1945-жылы Боом капчыгайындагы жол жасалып, ал жерде 2 жылдай эмгектендим. Айтып отурсак көп окуя болду. Азыр алардын көбүн унутуп калдым. Өмүрүмдүн жарымынан көбүн талаа, колхоз жумуштарына арнагам. Ошентип пенсияга чыктым. Брежнев өлдү деген кабарды укканда аябай ыйлаганым эсимде. Кызым, неберелерим ошол окуяны сурай беришет. Союз тарап кеткенине да абдан кайгыргам», - деди ал.

Учурда Салыйбүбү апа ооруп, төшөктө жатат. Ал кызы жана неберелери менен жашайт.

«Бир неберем, бир чөбөрөм бар. Мына минтип барган сайын ден соолугум начарлап, төшөктө жатып калдым. Кудай кут кылсын, бир кылым өмүрдү жашадым. Кыргыз элиме, деги эле бүткүл дүйнөгө тынчтык, токчулук, бейкутчулук каалайм» - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×