Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 08.07.2018 13:41

«Жеңеке»: Кайын журтунун санжырасын жазган Ж.Сагынбекованын келиндик доордогу кызыктуу окуялары (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районунун 55 жаштагы тургуну Жылдыз Сагынбекова келиндик доордогу кызыктуу окуяларын аймактык кабарчыга айтып берди.

Ал 1963-жылы 24-августта Ысык-Ата районунда төрөлгөн.

«Өмүрлүк жолдошум Нурдин экөөбүз баш кошуп, бирге түтүн булатып жашап келе жатканыбызга 38 жыл болду. Жетишкен ийгиликтеримдин баарына жолдошум салымын кошкон. Ыраматылык кайын атам мыкты киши болгон. Өлөрүндө жолдошум экөөбүздү чакырып алып, "келинимди капа кылба" деп Нурдинге аябай айтып кеткен. Жолдошум бир дагы жолу катуу сүйлөп же кол көтөрүп, мени капа кылган жок. Мен ага ыраазымын. Ашып кеткен дүйнөбүз жок. Өзүбүздүн маӊдай терибиз менен тапкан оокат менен бала-бакырабызды багып чоӊойттук. Нурдин экөөбүздүн 4 уул, 1 кыз жана 9 неберебиз бар», - деди ал.

Жылдыз Сагынбекова жаӊы келин болгон учурдагы башынан өткөн кызыктуу окуяларынан айтып берди.

«Чоӊ кайненем бар эле. Ал 102 жашка чыгып каза болду. Жаӊы келин болгондо ошол чоӊ энем "мөлтүрөк алып келчи" деп калды. Ичимден "мөлтүрөк" деген эмне деп коем. Сыртка чыгып издейм, үйдөн издейм же мөлтүрөк эмне экенин билбейм. Үйдө болсо энем "ой, кана мөлтүрөк" деп кыйкыра баштады. "Таппай койдум апа, ал эмне эле" десем, күлүп эле "ал 1 литрлик банка" деди.

Ал киши "кайын сиӊдилериӊди атынан айтпай, тергеп айт" деп да калды. Айылда туугандар көп эле болот эмеспи. Маӊдайыбызда дагы бир кайын ата, кайнене жашачу. Алар да жолдошумдун туугандары болот. Анын кичүү баласын "Эрке" деп эркелетишчү. Мен дагы "Эрке" деп тергейин деп, үйүнө "Эрке" бала деп чакырып барып калдым. Үйдөгүлөр чакырып кел деп жиберишкен эле. Кайненем үйүнөн чыга калып, "менин Эрке деген кызымды эмнеге тергебей атынан атап жатасыӊ" деп урушуп кирди. Көрсө анын Эрке деген да кызы бар экен. Анын дагы бир кызын тергеп, "Сары кыз" деп койсом, "сен эмне кызымдын сарысын көрүп калдыӊбы" деп да урушту. Ошентип үйгө өзүмдүн кайненеме ыйлап келдим. Ал өзүӊө ылайыктуу кылып тергей бер деди.

Чоң кайненем мага "менин сөөгүмдү өзүӊ жууп, өзүӊ узат" деп калчу. Айткандай эле анын сөөгүн өзүм жууп, өзүм узаттым. Ал эми өзүмдүн кайненем болсо 82 жашка чыкты. Анын 4 уул жана 3 кызы бар. Кайненем өзү сарамжалдуу, жакшы киши. Андан көп нерселерди үйрөндүм», - деди ал.

Жылдыз Сагынбекова: «Айылга согуштан келип, курман болгондорго эстелик койгонбуз. Ошол эстеликке 52 кишинин өмүр баяндарын, тарыхын жаздым. Ал үчүн бир жыл бою архивдерге барып жүрдүм. Айрымдар өздөрүнүн аталары жөнүндө билбейт экен. Ушул ишке улай кайын журтумдун санжырасын чогултуп жүрөм. Кайын журтум Түмөнбай уруусунан болот. Түмөнбай уруусу жөнүндө эл оозунан уккандарымды жазып чогултуп жатам», - деди ал.

Каарманыбыз Ысык-Ата райондук маданият бөлүмүнөн, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан, Нурманбет айыл өкмөтүнөн, КРдин аялдар конгрессинен, райондук аялдар комитетинин төрайымы тарабынан жана башка мекеме-ишканалардын атынан ардак баракчалар менен сыйланып, «Жылдын мыкты кызматкери» наамын алган.

«1970-1973-жылдары Киров мектебинде, 1973-1981-жылдары Сын-Таш орто мектебинде окуп, эӊ жакшы баа менен окууну аяктадым. 1990-жылы Токмок шаарындагы Республикалык маданий агартуу техникумуна тапшырып, аны 1994-жылы аяктадым.

Калинин совхозунун кызылча талаасында сакманчы, саанчы болуп иштеп жүрүп, 1990-жылы Эпкин айылынын клуб башчысы болуп иштеп баштадым. 28 жылдан бери Нурманбет айыл өкмөтүнүн Токтоналиев айылдык маданият үйүнүн башчысы болуп иштеп келе жатам. 2004-жылдан бери айылдык кеӊештин депутатымын. 2008-жылдан 2012-жылга чейин айылдык кеӊештин төрайымы болгом. Калган жылдары төраганын орун басары болуп иштегем. Нурманбет жайыт комитетинин жетекчисинин орун басары болуп иштеп, айылга чет элдик долбоорлорду тартып, учурда АРИС долбоору менен иштеп келебиз. Айылга экскаватор-жүктөгүч алдык. Азыркы учурда дагы 3 долбоордун үстүндө иштеп жатам.

Айыл өкмөтүндө аксакалдар сотунун мүчөсү, аялдар комитетинин орун басары, "Эпкин" үрөнчүлүк коомунун төрайымы, райондук ден соолук комитетинин төрайымы, Ысык-Ата районунун "Эне мээрими" энелер тобунун жетекчисимин.

Чет элдик долбоорлор менен иштеп, айылга заманбап ФАП салдырдым. Бала бакча болбогондуктан, айылымдын чыгаан кыздары айыл өкмөтү менен кеӊешип, марафон өткөрүп, мектептин ичине 50 орундуу бала бакча ачып, 11 кыз-келиндерге жумуш орундарын бердик. 2016-жылы райондун ар кайсы айылдарынан таланттуу апаларды чогултуп, ар кандай иш-чараларга активдүү катышып келебиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×