Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 03.07.2018 15:19

Ысык-Атада сел каптаган жол тазаланууда (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 2-июлдан 3-июлга караган күнү саат 02:00 чамасында сел жүрдү. Учурда сел каптаган Кызыл-Суу жана «Ысык-Ата» курортундагы 40 чакырым жолду тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ысык-Ата райондук администрациясынын аппарат жетекчиси Болот Максутбаев билдирди.

«Тазалоо иштерине 1 даана грейдер, 1 жүктөгүч, 1 хово техникалары тартылды. ӨКМдин 2 кызматкери жана жергиликтүү бийликтин кызматкерлери болуп жалпы 10 киши тазалоо иштерине чыкты. Бул жылы сел каптоо болгон эмес. Бул биринчи жолу катталды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×