Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Чүй облусу, Токмок 03.07.2018 11:48 Жаңыланды: 03.07.2018 14:36

Романтикалуу кеч: Токмоктун сулуусу менен кочкорлук жигиттин махабат дастаны (фото)

Turmush -  Кочкорлук жигит Токмок шаарында өткөн «Токмок сулуусу-2018» кароо-сынагынын баш байгесин утуп алган 17 жаштагы Альбина Адамованын кыз-жигит болууга макулдугун алып, романтикалуу кече тартуулады.

Альбинанын жигити Нарын облусунун Кочкор районунда төрөлүп, Токмок шаарында чоңойгон. Алар эмдиги жылы, тактап айтканда Альбина 18 жашка чыкканда түбөлүккө баш кошуп, үйлөнүү тоюн өткөрүшөт.

«Жигитим Айбек Матаев 1997-жылы Нарын облусунун Кочкор районунда төрөлгөн. Бирок бала кезинде ата-энеси менен Токмок шаарына көчүп келип, ушул шаардан чоңойгон. Биз экөөбүз Самат деген досубуз аркылуу таанышып калганбыз. Ал мага көптөн бери "ушундай жашкы жигит бар, таанышып койчу" деп айтып жүрчү. Бирок көӊүлдөнчү эмесмин. Бир күнү Альбина деген курбум менен бий ийриминен чыгып келе жатып, Саматка жолугуп калдык. Ал "бүгүн жолугуп, таанышып койчу" деди. Бул жолу мен макул болдум. Үчөөбүз "Манап бий" сейил багына барып отурдук. Бир аздан кийин Айбек келип, таанышып калдык. Бирок менде бир көрүп сүйүп калуу деген болгон жок. Башында көпкө чейин дос болуп жүрдүк. Арадан убакыт өткөн соӊ 8-май күнү экөөбүз жолугуп, көпкө сейилдедик. Ушул күнү Улуу Жеңиштин урматына көчөдө майрамдык иш-чаралар өтүп жаткан. Кечинде экөөбүз каруселге түшүп, ал эң бийик жерге жеткенде Айбек колундагы гүлүн мага сунуп, кыз-жигит болуу сунушун билдирди. Мен "жок" деген жокмун, анткени менин да көӊүлүм бар болчу. Ошол учурда Айбектин көздөрүнөн чыныгы сүйүүнү көрдүм. Көздөрүбүз жанып турду, ал эми биз кое берген оттуу шаар асмандагы жылдыздардай жымыңдап турду. Мен болсо анын сунушуна акырын гана "ооба" деп шыбырап жооп бердим», - деди ал.

Альбина Адамова: «Менин жүрөгүмдү ал өзүнүн адамкерчилиги, боорукерлиги, иштермандыгы, акылдуулугу, чынчылдыгы менен багындырды. Айбек спирт ичимдиктерин жана чылым колдонбойт. Бул дагы анын өзгөчө сапаты. Ортодон урушуп кеткен учурда да жигитимдин мага болгон сүйүүсүнө толук ишендим. Анткени менден канча ката кетсе да, ал "Баарын кечирем унутуп салчы, мен сени сүйөм. Сен жок жашай албайм" деген сөздөрү жүрөгүмдө сакталып келет. Таарынган убактарда "жок" деп баш тартып жүрдүм. Акырында айласы кетип апама кат жазып, "Түшүндүрүп коюӊузчу, мен кызыңызды сүйөм, өмүр бою бактылуу кылганга сөз берем" деп айтты. Андан кийин жолугуп, баарын чечишип алдык. Азыр кудайга шүгүр, уруш-талаш, ызы-чуудан алыспыз.

Эстен кеткис окуя менин туулган күнүмдө болду. Курбуларым, досторум болуп кафеге отурмакпыз. "Сен кечирээк кел, биз өзүбүз чалабыз" деп өздөрүнчө кетип калышкан. Мен үйдө күтүп отуруп кечки саат 21:00 болуп кетти. Чыдабай курбуларыма кайра-кайра чалсам телефондору өчүк. Жигитиме чалсам ал да албайт. Достору болсо азыр чалабыз деп коюп, уюлдук телефондорун өчүрүп коюшат. Буларга эмне болду деп отурсам, жигитим "мен келдим чыга бер" деди. Кафеге барсак жарыктары өчүк. Кафенин кире беришине шам менен жол салып коюшуптур. Ичине кирер менен кафенин кызматкерлери "Туулган күнүӊ менен" деп куттуктап ырдап тосуп алышты. Алардын арасынан жигитим мамалык жана гүл кармап чыгып, өзгөчө куттуктады. "Курбуларыӊ келбей калды, үйлөрүнөн жибербей коюшту" деди. Мен аларды ойлоп маанайым түшө баштаганда, курбуларым колдоруна шар көтөрүп чуркап чыгышты. Ушул күн такыр эсимден кетпейт.

Үйлөнүү тойду так айта албайбыз. Кудай буюрса эмки жылы буюрган айда, буюрган күнү өткөрөбүз», - деди.

Альбина 2001-жылы 26-октябрда Токмок шаарында төрөлгөн.

«Мен 2008-жылы Виноград айылындагы башталгыч мектепте окуп, андан кийин 9-классты Токмок шаарындагы №3 орто мектебинде бүтүргөм. Азыркы убакта Токмок индустриалдык педагогикалык колледжинде технолог-тигүүчү кесиби боюнча 1-курста билим алып жатам. Ошондой эле Чүй маданият үйүндө "Айбийке" бийчилер тобунда эмгектенип келем.

Бош убактымда бийлеп, ырдап жана ошондой эле Токмок шаарындагы тойлордо кыргыз элиме кызмат кылам. Жакшы көргөн тасмам "Курманжан Датка" болсо, музыкадан жай ырлардын баары эле жагат. Тамакты болсо тандабайм, эӊ негизгиси апам жасаган тамактын баары жагат», - деди ал.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×