Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Чүй облусу, Токмок 01.07.2018 15:32

Чүйдө жол кыймыл сакчысынын катышуусундагы унаа кырсыктан 21 жаштагы келин 1 жаштагы кызы менен кошо каза болду

Turmush -  Бүгүн, 1-июлда Бишкек–Торугарт жолунда Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлеринин унаасынын катышуусунда жол кырсыктан 21 жаштагы келин менен 1 жаштагы кызы мерт кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Чүй облустук Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык саат 04:30да Бишкек–Торугарт жолунун 85-чакырымында болгон.

«30 жаштагы айдоочу «Тойота Авенсис» унаасын батыштан чыгышка айдап бара жатып, Чүй облустук Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын кызматкери К.К. башкарып келе жаткан «БМВ-525» унаасынын алдына чыгып кеткен. Алар Боом капчыгайына уруксат берилген дислокациясы менен барып кызмат кылып, нөөмөттү өткөргөн соң үйгө келе жатышкан», - деп айтылат маалыматта.

Алдын ал маалыматтарга караганда «Тойота Авенсистин» унаасынын айдоочусу үйлөнүү үлпөт тойдон келе жатып жолдон уктап кеткен. Натыйжада 1 жаштагы кыз ошол эле жерден каза болуп, анын 21 жаштагы апасы ооруканага жетпей жан берген. Айдоочу менен кошо дагы 2 жүргүнчү жабыркады. «БМВ-525» унаасынын айдоочусу оор жаракат менен реанимацияга жеткирилип, андагы жүргүнчү дагы жаракат алды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×