Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Чүй облусу, Токмок 01.07.2018 13:35 На русском

Фото – Бишкек–Нарын–Торугарт жолундагы унаа кырсыктан жубайлар каза болушту

Turmush -  Бүгүн, 1-июлда Бишкек–Нарын–Торугарт жолундагы унаа кырсыктан 43 жаштагы жубайлар каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынан билдиришти.

«Кырсык Токмок шаарына жакын жерде катталды. «Мазда » үлгүсүндөгү унаа батыштан чыгышка кетип бара жатып, айдоочу башкарууга ээ боло албай калып, каршы тилкеде келе жаткан «Хундай Портер» үлгүсүндөгү унаа менен кагышты. Анын кесепетинен «Мазда» үлгүсүндөгү унаада келе жаткан айдоочу менен жубайы каза болду. Алардын 4 жаштагы баласы жаракат алып, ооруканага түштү. Айдоочу унаа айдап бара жатып уктап кеткен болушу мүмкүн экендиги болжолдонуп жатат. Каза болгон жубайлар Чүй районунун тургундары экендиги такталды», - деп айтылат маалыматта.

Учурда кырсыктын чоо-жайы такталып жатат. Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы айдоочулардан жол эрежелерин так сактоону суранат. Уйкусу келген айдоочулар өздөрүнүн жана жүргүнчүлөрдүн өмүрүн тобокелге салып жатканын эскертет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×