Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Чүй облусуКемин району 30.06.2018 21:26

Кеминдин Кызыл-Суу айылына 3,4 млн сомго кичи футбол аянтчасы курулду (фото)

Turmush -  Бүгүн, 30-июнда Чүй облусунун Кемин районунун Алмалуу айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Суу айылына 3 млн 400 миң сомго кичи футбол аянтчасы курулуп, пайдаланууга берилди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, кичи футбол аянтчанын салтанаттуу ачылыш аземине Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Жумгалбек Дүйшебаев, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов, СССРдин жана Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Самарбүбү Токтакунова, Алмалуу айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөт башчысы жана жергиликтүү калк катышты. Келген коноктор каалоо-тилектерин айтып, өздөрүнүн алып келген белектерин тапшырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×