Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Чүй

Айыл турмушу: 30 жыл саанчы болуп иштеген Г.Дөлөталиева согуш учурундагы оор күндөрүн айтып берди (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районунун 76 жаштагы тургуну Гүлайым Дөлөталиева 30 жыл саанчы болуп эмгектенип, 10 кыз, 1 уулду тарбиялап өстүрдү. Ага ушул жылы «Ак байбиче» наамы ыйгарылган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Гүлайым Дөлөталиева 1942-жылы 1-октябрда Ысык-Ата районуна караштуу Сары-Жыгач айылында төрөлгөн.

«Биз согуш маалында көрбөгөн азапты көрүп чоӊойдук. Атам согушка кеткен кезде мен 13 жашта болчумун. Апам төшөктө ооруп жатты. Мен болсо ооруган апамды, инилеримди ачка калтырбай багуу үчүн таӊкы саат 5:00дө туруп, талаага барып машак терип, нан жасачумун. Апамдын ооруган денесин, буту менен колдорун таӊ аткыча ушалап берер элем. Корообузда жалгыз уюбуз бар эле. Аны саап, сүтүнөн айран, сүзмө жасап жан багып жүрдүк. Жыртык өтүк кийип алып кышкыга дүмбүл чаап, отун камдаганым эсимде. Ошол кыйналган күндөрү кудайдан жакшы заман келип, балдарыбыз, кыздарыбыз мындай азапты көрбөсө экен деп суранчумун. Мени айылдагылар бөдөнө кыз деп аташчу. Кичинекей болсом да чоӊдор менен кошо жарышып эмгектенип, тыпылдап оокат кылгандыгыман ушинтип аташса керек», - деди ал.

Гүлайым апа айылдык кеӊештин депутаты болуп да эмгектенген.

«Мен 30 жыл саанчы, айылдык кеӊештин депутаты болуп иштедим. Үзүрлүү эмгектин арты менен көптөгөн сыйлыктарга татыдым. Ардак белгиси, Эмгек Кызыл Туу, Элдердин достугу ордендери менен сыйландым. "Айылдын ардактуу атуулу" наамын алып, быйыл "Ак байбиче" наамына ээ болдум», - деди ал.

Г.Дөлөталиева 11 балалуу, 49 неберелүү, 33 чөбөрөлүү болгон.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 808
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×