Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Чүй облусу, Токмок 30.06.2018 11:13 На русском

Видео, фото — «Гавайи» кафесинин бет маңдайындагы жол кырсыктан 2 өспүрүм жабыркады

Turmush -  Кечээ, 29-июнда саат 12:30 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунда («Гавайи» кафесинин бет маңдайы) жол-транспорт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Токмоктон Бишкек шаары тарапка бара жаткан «Мерседес» «Ауди» унаасын сүзүп токтогон. Анын кесепетинен «Ауди» унаасындагы эки өспүрүм жабыркаган. Алар тез жардам кызматы келгенге чейин жолдо өтүп бара жаткан унаа менен ооруканага жеткирилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×