Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Чүй облусуАламүдүн району 29.06.2018 09:24

Соттолгон активист Мелис Аспековду камактагы адам сабап салды

Turmush -  Аламүдүн районундагы Молдовановка айылындагы №31 жаза аткаруу абагында 28-июнда саат 22:30 чамасында соттолгон адам «Мекенчил» саясий партиясынын мүчөсү Мелис Аспековду сабап салган. Бул тууралуу АКИpress агенттигине 29-июнда ЖАМКтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, камактагы адамдардын бири М.Аспековду жана дагы 1 адамды түнү сабаган.

«Дарыгерлердин айтымында Мелис Аспеков оор жаракат алган эмес. Учурда иликтөө жүргүзүлүүдө», - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Активист М.Аспеков депутат Канатбек Исаевге козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган. Депутат президенттик шайлоодо талапкерлердин бири утулуп калган учурда массалык баш аламандыктарды уюштурууга аракет кылган деген айып менен кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×