Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Чүй

Кеминде аңчылар 5 карышкыр атып, 2 бөлтүрүктү тирүү кармашты (фото)

Turmush -  Кемин районуна караштуу Терек жайлоосунда аңчылыкка чыккан мергенчилер 5 карышкыр атып алышты.

Аймактык кабарчынын маалыматына караганда, Жел-Арык жайлоосунда карышкырлар малга кол салып, 20дан ашык жылкыны жеп кеткен. Чабандар бул тууралуу маалымдаган соң Чым-Коргон айылынан Жаныбек Сыдыгалиев, Жаңы-Алыш айылынан Аман Абдымусунов, Бишкек шаарынан Рахат Бердикеев аттуу мергенчилер жана 3 чабан аңчылыкка чыгышкан. Алар 1 ургаачы карышкыр, 1 дөбөт жана 3 бөлтүрүктү кармай албай атып, 2 бөлтүрүктү тирүү кармап алышкан. Кармалган бөлтүрүктөрдү Бишкек шаарына зоопаркка жиберип, атылган карышкырлардын териси жарабагандыктан тиштерин алып, таратып беришкен.

Буга чейин Ж.Сыдыгалиев айылдашы менен бирге аңчылыкка чыгып, жаз айында 1 карышкыр аткан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 688
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×