Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Чүй облусуЖайыл району 28.06.2018 23:53

Айыл турмушу: Курут менен ишкерлик кылган А.Аманкулованын Суусамырдагы жашоосу (видео, фото)

Turmush -  Суусамыр элинин көпчүлүгү жай келгенде жол боюнда курут, кымыз, сары май сатып соода менен алектенишет. Алардын катарында 6 жылдан бери курут жасап сатып, талыкпай эмгектенген Адила Аманкулова бар. Ал күнүнө 3 мүшөк курут жасайт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«Мен 6 жылдан бери курут жасап, соода менен алектенип келе жатам. Өзүбүз 12-13 уй саайбыз. Анын төртөөсү айылда. Ошол төрт уйдан күнүнө 5 чака сүт алабыз. Сүттү тартып, каймагын алып, айран уютуп сүзмө кылып, курут жасайбыз. Ал эми калган уйларды жайлоодо туугандарыбыз саап, сүзмөсүн бизге алып келип беришет. Курут жасоо бир топ эле убакытты талап кылат. Кечке чейин 3 мүшөк курут жасайм. Кээде кичинекей кызым жардамдашат. Баарын бирдей формада жасайбыз. Адегенде бирдей өлчөмдө сүзмөнү алып, мыкчып алабыз. Андан соң, мыкчылган сүзмөнү төрт чарчы айнек менен томолоктойбуз. Куруттарды көбүнчө Бишкек, Кара-Балтага алып кетишет жана Ош—Бишкек жолунда дүң баа менен өткөрөбүз. Килограммдап да сатабыз. Казакстан, Россияга да алып кетишкендер бар», - деди ал.

Учурда 1 кг куруттун баасы 150 сом.

«Сүзмө өзүбүздөн да болот жана башкалардан да тонналап сатып алабыз. Буга чейин чөбөгө курут да жасачубуз. Бирок ал өтө эле көп убакытты талап кылат экен. Анын баасы кымбатыраак да болот.

Курутту жасап, аны кургатуу да оңойго турбайт. Көбүнчө жамгыр болуп кургашы да азап. Күн жакшы тийсе 3-4 күндө кургайт. Эгер сүзмө жакшы кургабаса, анда эмгегибиз акталбай деле калат. Сүзмөнү да куруттун баасына жараша сатып алабыз. Жазда 50-60 сом болсо, азыр 25-30 сомдон сатып алабыз.

3 балам бар. Жолдошум дагы көп жылдан бери күйүүчү май сатып иштейт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×