Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Чүй облусуЖайыл району 28.06.2018 18:10

Айыл турмушу: З.Беккулуев текенин мүйүзүнө жаныбардын сөлөкөтүн түшүрүп жасаган камчыларды 5 000 сомго баалайт (фото)

Turmush -  Суусамырдын Кожомкул айылынын 37 жаштагы тургуну Замир Беккулуевдин текенин мүйүзүнө жаныбарлардын сөлөкөтүн түшүрүп жасаган камчыларын көк бөрүчүлөр жана Россия, Казакстандан келип алып кетишет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«Бир жолу камчымды жоготуп жибергем. Ошондон улам өзүмө арнап камчы жасадым. Бирок балдар көрүп кызыгып алып коюшту. Экинчисин дагы өзүмө жасадым. Аны да жолдош балам алып койду. Андан кийин көбүрөөк жасап сатса болот экен деп ойлондум. Ошентип текенин мүйүзүнө жаныбарлардын сөлөкөтүн жана буйрутма бергендердин атын түшүргөн камчыларды, текенин мүйүзүнөн топчу, бычактарды жана улакчылардын ээр токумдарын жасай баштадым. Күндө жасаган камчыларым үйгө турбайт, алып кетишет. Жада калса өзүмдүн камчым жок. Мага койбой эле алып кетишет», - деди ал.

Замир Беккулуев текенин мүйүзүнө жаныбарлардын сөлөкөтүн түшүрүп жасаган камчыларды 5 миң сомдон бааласа, жөнөкөй камчыларды 1000 сомдон сатат.

«Керектүү материалдарды базардан сатып алам. Кеткен чыгымды менин жасаган эмгегим жакшы эле актайт. Бул ишти жасоо үчүн болгону эрикпеш керек жана талыкпаган эмгек талап кылынат. Көргөндөрдүн көпчүлүгү кыйын эмгек, майда иш деп баалашат. Бирок ошого карабастан күнүнө 7-8 камчы жасайм. Кечке чейин кара жумуш жасап чарчап келсем да, сөзсүз бир камчы жасамайын уктабайм. Канчалык көбүрөөк иштесем, ошончолук көп эргүү алам. Бул менин хоббиме айланып калган.

Негизи кол өнөрчүлүк каныбызда бар. Ата-бабаларым ээр чаап, ат жабдыктарын жасаган чоң усталар болгон экен. Өзүмдүн атам дагы айылдагы мыкты темир уста болгон. Ошолордон өтүп мага келдиби, айтор 8 жылдан бери ушул иш менен алектенип келе жатам. Камчыларды айыл ичине жана сырт жактарга буйрутма менен жасайм. Менин камчыларымды азыр көк бөрүчүлөрдүн көп командалары колдонуп жүрүшөт. Андан тышкары Казакстан, Россиядан дагы буйрутма беришет. Ал эми ээр токум, текенин мүйүзүнөн жасалган бычактарды Суусамыр айылынын ичиндегилер эле алышат. Алардын баасы буйрутма бергенге жараша болот.

Үйдө апам, жубайым жана 2 балам болуп жашайбыз. Жубайым үй иштери менен алек», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×