Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 28.06.2018 15:55 На русском

Сания Шакированын өлүмү: Маркумдун апасы полковниктин уулу кайсы жерде иштерин айтып берди

Turmush -  Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында жол кырсыктын кесепетинен көз жумган дүйнөлүк сулуулар сынагынын жеңүүчүсү Сания Шакированын жигити милициядагы жакшы кызматта иштейт, бирок кылмыш иште жумушсуз катары каралып жатат. Мындай пикирди аймактык кабарчыга С.Шакированын апасы Насипа Мамбеталиева билдирди.

Анын айтымында, жакында эле ага аталган жол кырсык боюнча кылмыш иш тергелип бүтүп, сотко өткөрүлүп бериле турганын билдиришкен.

«Кызым 2-июнда каза болду, ал эми бул айдын аягында ишти сотко жөнөткөнү жатышат. Менде эмнеге мынчалык бат деген суроо туулуп жатат. Биз кызымдын кыркылыгын өткөрүүгө жетише электе тергөө иши аягына чыгып жатат. Бизде көптөгөн суроолор болууда. Сания жигити — 31 жаштагы Ч.К. укук коргоо органдарында жакшы кызматта иштей турганын айткан. Ал эми кылмыш иште ал жумушсуз катары каралууда. Ошондой эле экспертизанын жыйынтыгы менен тааныша элекпиз. Бизге кызымдын өздүк буюмдарын бербей жатышат. Айыпталуучу тарап өздөрүнүн байланыштарын жана акчасын колдонуп, ишти токтотууну каалап жатышы мүмкүн», - деди ал.

Н.Мамбеталиева белгилегендей, тергөө иштерин Чолпон-Ата шаарынын милициясынан тергөөчү кыз жүргүзүп жатат.

«Биз Саниянын кыркылыгын өткөргөндөн кийин Чолпон-Атага баралы дегенбиз. Бирок кеч болуп калат деп коркуп жатам. Ошондуктан ишти бизге кабар бербей сотко өткөрүп жибербөөсү үчүн азыр барганы жатабыз. Саниянын жигитинин туугандары кызымды акыркы сапарга узатып жатканда, андан кийин дагы 2-3 жолу келишкен. Жигиттин атасы да келди. Мен андан эмне үчүн мындай болгонун билип берүүнү сурандым. Ал уулун калкалап, бул тууралуу уулунан сурабоо керектигин айтты. Эне катары мен үчүн оор болду. Түшүнөм, ал аталык милдетин аткарды. Бирок эмнеге бизди түшүнүшпөйт? Биз кызыбыздан айрылдык, анын артында 3 баласы калды», - деди ал.

----------------------------------------------------------------------------------------------------

2018-жылы 2-июнда саат 22:00 чамасында Каракол—Чолпон-Ата—Балыкчы унаа жолунун 52-чакырымында, тактап айтканда Чок-Тал айылынын аймагында жол кырсык болгон. «Равон Нексия Р3» үлгүсүндөгү унаа жолдун четиндеги мусулмандардын көрүстөнүндөгү пескоблоктон тосулган тосмону сүзүп, жараксыз болуп талкаланган. Бул унаадан бир адам (аял киши) каза болуп, эки эркек киши жаракат алганы маалымдалды.

Андан көп узабай окуя болгон жерде көз жумган жүргүнчү Кара-Балта шаарынын 1987-жылы туулган тургуну Сания Шакирова экени такталды.
4-июнда Кара-Балта шаарында Сания Шакированы жерге берүү зыйнаты өттү. Ал апасынын жеринде — Жайыл районунун Ийри-Суу айылында жерге берилген.
Сания Шакирова жол кырсыкка чейин турмушка чыгуу сунушун алган
Окуядан кийин маркумдун жакын курбуларынын бири Ассоль Молдокматова Саниянын жигити колун сурап, 101 роза гүлүн бергенин укканын билдирди.

«Курбум Сания Ысык-Көлгө жигити менен кеткен эле. Жигити Ысык-Көлдөн курбумдун колун сурап, турмуш курууга макулдугун алып, 101 роза гүлүн белекке бериптир. Ал (Сания Шакирова) абдан бактылуу экенин мага телефон аркылуу 1-июнь күнү билдирген. Мен чет өлкөдөн түнү учуп келип, эртең менен ушундай жаман кабар уктум», - деди А.Молдокматова.
Алгач С.Шакированын жигити жүргүнчүлөрдүн бири деп айтылып жатса, кийинчерээк рулду башкарып бара жатканы ачыкка чыкты.
--------------------------------------------------------------------------------------------------------

Адам өлүмү менен коштолгон жол-транспорт кырсыгына кабылган «Равон Нексия Р3» автоунаасы «Намба такси» фирмасына таандык. Аталган унаа Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылындагы «Карвэн Четыре Сезона» эс алуу борборунан чыгып, Бишкек тарапты көздөй багыт алган.

С.Шакированын жанындагы жүргүнчү Р.С. Чолпон-Ата шаардык ооруканага жеткирилип, дарыгерлер баш сөөгүнөн жаракат алган, баш мээси чайкалган, бети тытылган деген корутунду чыгарышкан. Р.С. биринчи медициналык жардам алгандан кийин Бишкекке жөнөтүлгөн. Ошондой эле автоунаанын айдоочу К.Ч. да Бишкектеги ооруканага жеткени маалым болду.

Бул жол кырсык боюнча 3-июнда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Айдоочу К.Ч.нын көрсөтмөсүндө «Равон Нексия Р3» унаасы Тимур аттуу досуна тиешелүү болгон деп билдирген. Ал 31-майда С.Шакирова жана С.Р. менен чогуу Чолпон-Ата шаарына эс алууга барган. Ушул жерден К.Ч. досу Тимур менен автоунаасын алмашып, 2-июнда болжол менен саат 20:30 чамасында Бишкек тарапты көздөй багыт алган.

Кийинчерээк Turmush басылмасына булактар аркылуу маалым болгондой, талкаланган унааны ИИМдин Адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын мурунку башчысынын уулу башкарып бара жаткан. Айдоочунун атасы — милициянын полковниги, 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын биринен талапкер болуп каталган.

Ал эми, унааны башкарып жүргөн 31 жаштагы К.Ч. ИИМдин атайын мектебинин курсанты болуп, кийин Адистештирилген күзөт кызматынын Бишкектеги райондук бөлүмдөрүнүн биринде эмгектенген.

Ал эми Ысык-Көл ОИИБдин катчысы Сталбек Усубакунов айдоочу учурда милиция кызматкери эмес, деп билдирди. Анын айтымында, көрсөтмө берген учурда айдоочу убактылуу эч жерде иштебей турганын айткан.

«Айдоочу — 1987-жылы туулган К.Ч. милиция кызматкери деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Биз бул маалыматтарды дагы бир ирет текшерип чыктык. Айдоочу милиция кызматкери эмес», - деди С.Усубакунов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

03.06.2018Дүйнөлүк сынакты жеңип келген Сания Шакирова көз жумду. Жол кырсык болгон жерден сүрөттөр
03.06.201831 жашында көз жумган Сания Шакирова жол кырсыкка чейин турмушка чыгуу сунушун алган
04.06.2018«Досум экөөбүз унаабызды алмашканбыз»: Сания Шакирова каза болгон жол кырсыктын жаңы жагдайлары (фото)
07.06.2018Сулуулар сынагынын жеңүүчүсү Сания Шакированын өлүмү: Айдоочу мас абалда болгон, - ОИИБ
08.06.2018Сания Шакированын өлүмү: Унааны досу эмес, жигити башкарып баратканбы?
12.06.20183 баланы энесиз калтырган жол кырсык: Сания Шакирова бүгүн 31 жашка толмок...
19.06.2018Сания Шакированын өлүмү: Айдоочу борбордогу ооруканадан убактылуу кармоочу жайга которулду
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×