Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Чүй

Жаш талант: Сезимдерин күү менен айткан комузчулардын чыгармачылыктагы ийгиликтери (фото)

Turmush -  Кемин районуна караштуу «Самара» комузчулар ансамбли райондук, облустук деңгээлдеги бардык сынактарга катышып, алдыңкы орундарды алып келет. Комузчулар тобунун мүчөлөрү менен аймактык кабарчы жакындан таанышты.

Өздөрүнүн айтымында, комуз черткенде элдерге күү менен бирге жан дүйнөсүн, ички сырларын тартуулагандай сезимде болушат.

«Топто 10 кыз комуз чертебиз. Андан сырткары 2 жигит аса таякда жана добулбаста ойнойт. Топто эки кыз 7 жылдан бери ойноп келебиз, калгандары 4-5 жылдан бери ойношот. Улуулары 18 жашта болсо, кичүүлөрү 11-14 жашта. Комузда ойноп калганыбыздын себеби, кичинебизден эле улуу эжелерибизди көрүп, алдыга максат койгонбуз. Жылдар өткөн сайын кичинебиздеги кыялдарыбызды унутпастан, аны ишке ашырып жатабыз. Биз райондо, облуста жыл сайын өткөн "Сары-Өзөн чолпондору" сынагынан байгелүү орундарга ээ болобуз. Андан тышкары Нарынга да барып келгенбиз.

"Китеп кербени" жана башка райондо өтүп жаткан иш-чара, сынактарга дайыма катышып турабыз. Кыргыздын улуттук аспабы болгон комузду черткенде бардык жерде барктуу, сыйлуу болобуз. Комуз черткенде күү менен бирге элге жан дүйнөбүздөгү болгон кубанычты, сүйүүнү, бардык сезимдерибизди тартуулагандай болобуз. Тактап айтканда, ички сезимдер күү менен чогуу чыгат. Комузчу комуз менен бирге болушу керек. Ошондо гана жеңишке жетип, аткарылган күүдөн да ырахат алса болот», - деди топтун мүчөлөрү.

Комузчулар тобу күнүгө саат 15:00дөн 18:30га чейин 3,5 сааттан машыгышат. Алардын агайы Мурадилов Кубанычбек көп жылдан бери талыкпай эмгектенип, жаштардын кыялынын орундалышына өз салымын кошуп келет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 720
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×