Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Чүй

Суусамырдын Кызыл-Ой айылында волейбол боюнча турнирдин жеңүүчүлөрү аныкталды (видео, фото)

Turmush -  Жайыл районунун Суусамыр өрөөнүндөгү Кызыл-Ой айылында 30 жыл мектепте тарыхчы мугалим болуп эмгектенген Кадырбек Дадаевдин жаркын элесине арналган турнир болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кадырбек Дадаевдин жубайы Маарынбүбү Абыканова билдирди.

Өзүнүн айтымында, жолдошу бир топ жыл мектепте иштеп, бул аралыкта бир нече сыйлыктын ээси болгон.

«Жолдошум Кадырбек 1947-жылы Кызыл-Ой айылында төрөлгөн. Бала чагы да ошол жерде өткөн. 1971-жылы тарых факультетин аяктаган. Азыркы Түркмөн атындагы орто мектепте тарых мугалими болуп иштеп, аны менен катар тарбиячы мугалим жана 13 жыл мектеп мүдүрү болуп эмгектенген. Көптөгөн ардак грамоталарды алып, бирок "Эл агартуунун отличниги" деген наамды албай калды. Жолдошум көптөгөн окуучуларга терең билим берип келген. Айтмакчы, Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев, эл акыны Махабат Молдалиева дагы менин жолдошумдун окуучулары болгон», - деди ал.

Кадырбек Дадаев оорусуна байланыштуу 2004-жылы каза тапкан.

«Кызыбыз Айдай Дадаеванын колдоосу менен 5 мектеп арасында волейбол боюнча турнир өткөрүлүп келет. Быйыл 5-жолу өткөрүлүп, ага 4 мектеп катышып, байге фонду 60 миң сомду түздү. Жеңүүчүлөр кубок, медаль менен сыйланышып, 1-орунга 20 миң сом акчалай байге берилди», - деди ал.

Мелдешти уюштуруучусу Айдай Дадаева: «Негизи атам спортту сүйгөн адам эле. Мен өзүм дагы спортко жакын болгондуктанбы, айтор 5 жылдан бери карыз оокатты бергендей эле бул турнирди өткөрүү менин милдетим болуп калган. 1-орунга 20 миң сом, 2-орунга 15 миң сом, 3-орунга 10 миң сом, 4-орунга 5 миң сом, ошондой эле бүтүрүүчүлөргө дагы 5 миң сом байге сайылды. Мелдешке төрт айылдын окуучулары жана мектеп бүтүрүүчүлөрү катышты. Жалпы 10 команда болуп, анын ичинен 2 команда кыздардан куралган тайпа болду», - деди.

Айдай Дадева 1 уул, 1 кызды тарбиялап жатат.

«Өзүм 17 жылдан бери Казакстандын атуулдугун алып, ошол жакта жашап иштейм», - деди ал.

Турнирдин жеңүүчүлөрү:

- 1-орунду Кызыл-Ой айылынын командасы;

- 2-орунду Суусамыр айылынын командасы;

- 3-орунду Кызыл-Ой айылынын экинчи командасы;

- 4-орунду Кызыл-Ой аралаш командасы ээледи. Ал эми кыздардан куралган командалардын жеңүүчүлөрүнө, тактап айтканда 1-орунга 3500 сом, ал эми 2-орунга 1500 сом акчалай сыйлык берилди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 946
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×