Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Чүй

Кеминдик активисттер жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата көлдөгү конференцияга катышты (фото)

Turmush -  2018-жылдын 22-24-июнунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Ч.Айтматов атындагы «Рух Ордо» этнокомплексинде «Чыңгыз Айтматов XX-XI кылымдын ойчул жазуучусу» деген аталышта илимий конференция өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, конференция Кемин райондук мамлекеттик администрациясы, Улуттук илимдер академиясы жана медицина илимдеринин доктору, профессор Алымкадыр Бейшеналиевдин демилгеси менен өткөрүлдү. Конференцияга академик Ж.Шаршеналиев жетекчилик кылып, модератор болду.

Илимдер академиясынын корреспондент мүчөлөрү Р.Нургазиев, А.Мавлянов, профессор А.Керимкулов, публицист, журналист А.Пазылов, Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Ж.Дүйшебаев, медицина академиясынын мугалим жана студенттери, Кемин районунун окуучулары тарабынан докладдар окулуп, талкууга алынды. Ошондой эле Кемин районунан барган окуучулар тарабынан Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата сахналаштырылган сценка, ыр-бийлер аткарылды. Иш-чаранын негизги максаты — улуу жазуучуну даңазалоо менен бирге өсүп келе жаткан жеткинчектерди жан дүйнөнү таза тутууга, адамдык сапатты бийик коюуга, бийик максаттарды кое билүүгө үндөө.

«Кемин районунан Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан иш-чараларга активдүү катышкан 40 окуучу, 10 мугалим барды. Райондон барган окуучулар конференцияга катышуу менен бирге эс алууга мүмкүнчүлүк алышты», - деп билдиришти Кемин райадминистрациясынан.

Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чаралар Кемин районунда улантылууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1128
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×