Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 26.06.2018 16:30

Айыл турмушу: Баатыр эне Ж.Аманкулова кол өнөрчүлүк менен алектенип, тарбиячы болуп иштеп жатат (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Жээк айылынын 38 жаштагы тургуну Жамила Аманкулова жолдошу менен 6 кыз, 2 уулду тарбиялап, баатыр эне болду. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Баары жакшы, кудайга шүгүр. Жолдошум экөөбүздүн Балтазар, Эрназар, Фатима, Кенжетай, Мухаммед, Ибрахим, Кутман, Хадича аттуу уул-кыздарыбыз бар. Ортолору 1 жаштан 4 жашка чейин. Алардын экөө окууну бүтүп, иштеп жатышат. Үчөө мектеп жашында болсо, үчөө кичинекей. Эӊ кенжебизге 4 ай болду.

Балдарыбыздын алды мектепке баргыча жолдошум экөөбүз тоодо мал багып жүрдүк. 2009-жылдан бери Чүйгө көчүп келип иштеп, балдарыбызды тарбиялап жатабыз. Кол өнөрчүлүк менен алектенип, кийизден ар кандай буюмдарды жасап, кол өнөрчүлөр бирикмесинде иштеп жүрдүм. Акыркы 3 жылдан бери "Гүлзар" балалык борборунда тарбиячы болуп иштеп жатам. Жашоодо эӊ сүйүнгөн учурларым — ар бир наристем төрөлгөн учурлар. Ал эми жашоодогу өкүнгөнүм — кезинде билимимди жогорулата албай калганым. Келечекте уул-кыздарыбызды жакшы тарбиялап, тереӊ билим алышына шарт түзүп берсек дейм», - деди ал.

Жамила Аманкулова бир бала менен беш баланын түйшүгү бирдей экенин, ар бир баланын өзүнүн ырыскысы болорун белгиледи.

«Аллахым ар бир баланы өз ырыскысы менен берет экен. Бир бала менен беш баланын түйшүгү бирдей. Үй-бүлөдө ынтымак, ден соолук, сабырдуулук жана чыдамкайлык болсо кыйынчылыктар артта калып, үй-бүлөдө бактылуулук, бекем ынтымак орнойт. Батирден батирге көчсөк да, кудайга шүгүр жолдошум экөөлөп балдарыбызды эч нерседен кем кылбай, эл катары багып келе жатабыз», - деди ал.

Жамила Аманкулова Нарын районуна караштуу Куланак айылында 1980-жылы 24-майда төрөлгөн. 1997-жылы Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев атындагы орто мектепти бүтүрүп, турмушка чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×