Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Чүй облусуЖайыл району 26.06.2018 14:08 Жаңыланды: 26.06.2018 18:35

Айыл турмушу: Жеке ишкер С.Тиллабаев бир көргөндө жактырган кардар кызга 3 күндөн кийин баш кошту (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарынын 31 жаштагы тургуну Садирбек Тиллабаев өзүнүн май куюучу жайына кардар болуп келген кызды жактырып калып, 3 күндөн кийин колун сурап, үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрдү. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, той ушул жылдын 18-июнунда болгон.

«Элдин агымы менен Чүйдүн Кара-Балта шаарына келип жашап, өзүбүздүн чакан ишканабызды ачып, иштеп келе жатабыз. Бул ишти баштаганыбызга 5 жыл болду.

Акыркы убактарда тарбиясы жакшы, ыймандуу кыз издеп, үйлөнөйүн деп калгам. Күндөгүдөй эле өз жумушумду аткарып жүрсөм, май алмаштырууга жеӊил автоунаа келип калды. Унаанын айдоочусу көздөрү бакырайган, ыймандуу кыз экен. Аны көргөндө жүрөгүм бир башкача боло түштү. Таанышуудан тартынбаган, тайманбас мүнөзүм эмнегедир жоголуп, катуу сүрдөдүм. Азыр телефон номурун алып таанышып калбасам, бул кызды кийин кайдан табам деп ойлодум да, акырын телефон номурун сурадым. Ошол маалда май алмаштыруучу жайда 2 жеӊил автоунаа катар турган. Алмаштыра турган майды ал кыз отурган автоунаага көтөрүп барып, бензин куюучу жерин ачып калыптырмын. Башымдын тегеренгенин айтпа (күлүп). Өзүнчө калдалактап жаман болдум. Ошентип, өмүрлүк жубайым Айзирек менен алгачкы таанышуу май алмаштыруучу жайдан башталды. Ага үч күн жолугуп, андан кийин колун сурадым. Ал дагы мени менен турмуш курууга макул болду. Бизде шариятта кыз менен 3 күн жолугуп, андан кийинки күнү үйлөнүш керек», - деди ал.

Садирбек Тиллабаев 1987-жылы 11-февралда Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жазы айылында төрөлгөн.

«Үй-бүлөдө 3 бир туугандын эӊ кенжесимин. Менден улуу 2 агам бар. Келинчегим Айзирек болсо Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жаӊы-Арык деген айылында төрөлүп, ушул жерде өскөн экен. Келечекте элдин кызматына жараган инсандардан болсок дейм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×