Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 26.06.2018 11:03 На русском

Жарым жылда 40 кг арыктаган Вероника ашыкча салмак менен күрөшүүнүн сырларын айтып берди (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарынын 31 жаштагы тургуну Вероника Горн жарым жылда 40 килограммга арыктаган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

В.Горн №1 мектепти аяктагандан кийин жогорку окуу жайдагы психология бөлүмүндө билим алып баштаган. Бирок жарым жылдан кийин жагдайларга байланыштуу окуусун таштап, иштөөгө мажбур болгон. Ал жакшы адистик тууралуу кыялы менен коштошкону үчүн стерсске кабылган.

Стерсске кабылган студент кыздын сырткы келбети өзгөрүп, салмак кошуп баштаган. Кечинде сыналгынын алдында ар кандай тамак-аш, тез татымдар менен тамактануу анын хоббисине айланган эле. Ал ошондой эле газдалган суусундуктарды да ичкен. Анын кесепетинен 5 жылдын ичинде 50 кг салмак кошуп, жалпы салмагы 120 кг жеткен. Бирок Вероника ашыкча салмагы үчүн тынчсызданып, аны менен күрөшүү аракетин көргөн эмес.

IMG-20180616-WA0050

Верониканын айтымында, бир жолу ден соолугуна байланыштуу ооруканага кайрылып, ага операция жасалган. Дарыгерлер ага арыктоо керектигин эскертип, эгер аны аткарбаса кайра-кайра операция жасала турганын айтышкан.

«Бала кезимде арык болчумун. 19 жашымда боюм 172 см, салмагым 70 кг болчу. Жумушка кирип, иштеп баштаганда тапкан акчамдын дээрлик бардыгын тамак-ашка коротуп жаттым. Биринчи жылы 10 кг, экинчи жылы 15 кг салмак коштум. 25 жашымда салмагым 115 кг жетти. Жыйынтыгында ден соолугумда көйгөйлөр жаралып баштады. Дарыгерлер менин эки тандоом бар экенин айтышты. Бири — жыл сайын 40 миң сомго операция жасатуу, экинчиси — арыктоо. Мен арыктоону тандадым. Дарыгердин сөзүнөн коркуп, социалдык тармактан ашыкча салмактан арылуунун оңой жолун издедим. Жигитим экөөбүз эки жолго түшкөнбүз, досторум да жок болчу. Сырткы келбетимден уялып баштадым. Базарга барганда кооз кийимдерди кийип көргөндөн уялчумун. Стерсстен даамдуу жана зыяндуу тамак-аштар менен арылчумун. Бир күнү эртең менен сырткы келбетимди өзгөртүүм керек деген ой менен ойгондум», - деди ал.

Вероника алгач кытайлыктардын арыктатуучу дарысын колдонгон. Ал алгач арыктап баштаганы менен, кайра салмак кошкон. Жыйынтыгында 25 жашында салмагы 125 кг жеткен. Мындан тышкары чачтары түшүп, тиштери бошоп баштаган. Андан кийин диета кармап, бирок чыдай албай кайра эле таттуулар менен тамактанган. Бирок ал арыктоонун жаңы жолдорун издеп, калориялуу тамактардан баш тарткан.

Вероника

«Максатыңа жетүү үчүн жаныңда колдогон адам керек. Менин досторум жок болгондуктан социалдык түйүндөгү баракчама сүрөтүмдү жарыялап, мени колдоп коюуну өтүндүм. Мага адамдар тарабынан түрткү керек болчу. Социалдык түйүндөгү колдонуучулар кеңеш берип, алардын ой-пикири, сыны мага күч берип турду. Жыйынтыгында жарым жылда 40 кг арыктадым. Бул 3 жыл мурун болгон. Аталган убакыт аралыгында дагы 10 кг арыктоого жетиштим. Бүгүнкү күнгө чейин туура тамактанууга көңүл бурам. Арыктоону каалагандарга майлуу эттен, таттуулардан жана таттуу газдалган суусундуктардан баш тартууга кеңеш берем. Жер-жемиштер менен тамактангыла. Менин ар бир саатым пландалган. Жумушка, спорт залга барам, көптөгөн досторум менен баарлашам», - деди ал.

Каарманыбыз жаңы төрөгөн энелерди көбүрөөк сейилдөөгө чакырат. Ошондой эле аялдар да, эркектер да салмагына көңүл буруусу керектигин белгиледи. Бул үчүн күнүнө 2 литир таза суу ичип, туздуу тамак-аштарды аз колдонуу керек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×