Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Чүй облусу, Кант 26.06.2018 09:42

Жаш талант: Республикалык тестирлөөдөн 221 упай алган И.Тимофеев заманбап технологияларды үйрөнүп жатат (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарынын Д.П.Зубкова атындагы №1 орто мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Иван Тимофеев жалпы республикалык тестирлөөгө атайын даярдык көргөн эмес. Ал мектепте өтүлгөн программаны үйрөнүп, эӊ жогорку упай топтой алган. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«Мен азыр келечектеги кесибимди так аныктай элекмин. Бир нече варианттар бар. Анын эӊ биринчиси мыкты веб-түзүүчү болгум келет. Жалпы республикалык тестирлөөдөн 221 упай алдым. Айтмакчы, мен бул сынакка элге окшоп атайын даярданган жокмун. Өтүлгөн сабактардын негизинде баргам. Болгону мектептин сынагына гана даярдангам. Мага көбүнчө электроника жана IT тармагы жагат. Ошондуктан көп убактымды программаларды жана физиканы окуп үйрөнүүгө жумшайм», - деди ал.

Иван 2000-жылы Кант шаарында төрөлгөн.

«Үй-бүлөдө 4 адамбыз: атам, апам, мен жана иним. Менин сүйүктүү чыгармам — «Град обреченный». Варкрафт көркөм тасмасын сүйүп көрсөм, музыкадан хип-хоп жан дүйнөмө жакыныраак», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×