Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Чүй облусуАламүдүн району 26.06.2018 08:50 На русском

Фото — Айланма жолдогу унаа кырсыктан жаракат алган 4 адам бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болушкан

Turmush -  Чүй облусундагы айланма жолдо жүк ташуучу унаа менен «Форд Фокус» унаасы кагышып, анын кесепетинен 4 адам жаракат алып, 1 адам мерт болду.

Жабырлануучулардын бардыгы Бишкекте жашаган үй-бүлөнүн мүчөлөрү экендиги аныкталды:

- А.Бермет, 1986-жылы туулган. Мээси чайкалып, башка дагы жаракаттарды алган;

- А.Назгүл, 1975-жылы туулган. Оң буту сынган;

- А.Канымбүбү, 1976-жылы туулган. Мээси чайкалып, буту сынып, башка дагы жаракаттарды алган;

- А.Р., 2018-жылы туулган. Мээси чайкалган.

Жашы уулу 3 адам Чүй облустук ооруканасына жеткирилсе, наристе Бишкек шаардык №3 ооруканасына жеткирилген.

Каза болгон адам Бишкек шаарынын 1967-жылы туулган тургуну М.Т. экендиги такталды.

Окуя тууралуу:

Кечээ, 25-июнда Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы Чүй облусундагы айланма жолдо жүк ташуучу унаа менен «Форд Фокус» унаасы кагышып, эркек адам каза болгондугун билдирген.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, жол кырсык бир саат мурун Бишкек—Нарын—Торугарт жолунун тилкесинде, ГЭС-5 аймагына бурулган жерде болгон. Жеңил унаанын айдоочусу башкаруусун жоготуп, каршы тилкедеги жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Кырсык катталган жерде жол тескөөчүлөрү жана ӨКМдин куткаруучулары иш алып барган. Алар жабырлануучуларга атайын каражаттын жардамы менен унаадан чыгууга жардам беришкен болчу.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жеңил унаада 5 адам бара жаткан. Жабырлануучулардын бири тез жардам бригадасы чакырылганы менен дарыгерлер келбей жатканын билдирген. Анын пикири боюнча жүргүнчүнүн (жеңил унаанын) өмүрүн сактап калууга мүмкүн болчу.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×