Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Чүй

Миллиондогон акчаны тоноо: Аламүдүндөгү акча алмаштыруучу жайдын ээсин баласынын көзүнчө атып, тоноп кетишти

Turmush -  23-июнь күнү таңга маал Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылындагы акча алмаштыруучу жай белгисиз адамдар тарабынан тонолду.

Күбөлөрдүн айтымында, бул убакта акча алмаштыруучу жайдын ээси үйүндө уктап жаткан.

«Бул акча алмаштыруучу жайды өздөрү жашаган үйдүн эле жанында ачып, иштетип жүрүшкөн. Окуя болгон учурда үйдүн ээси уктап жаткан экен. Ал эми анын уулу менен бажасы экөө акча алмаштыруучу жайдын ичинде отурушкан. Ошол убакта видеодогу окуя болду. Бажасы менен баласы үйгө чуркап барып, кожоюнга айтышкан. Ал алдыга чуркап жөнөп, кылмышкерлерге каршылык көрсөткөндө травматикалык тапанча менен аткан экен», - деди алар.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы бул окуяны тастыктап, окуя 23-июнда таңкы саат 4:00 чамасында болгонун билдирди.

«23-июнда саат 4:00 чамасында Аламүдүн РИИБге каракчылык боюнча билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери 3 кылмышкер акча алмаштыруучу жайга кирип барып, ал жактагыларды тапанча менен коркутуп, тоноп кеткенин аныктаган. Кылмышкерлер «BMW X5» унаасына трос байлап, терезенин темир тосмосун жулуп, акчаны алып кеткен. Белгисиз кишилер акча алмаштыруучу жайдын 3 кызматкерине күч колдонуп, 340 миң сом жана 2 миллион теңгени алып кеткен. Учурда уурдалган сумма дагы такталууда. Кылмышкерлер кол салган учурда 1 адам көкүрөк тушка жана сол колуна ок жеген. Ага амбулатордук жардам берилди», - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин каракчылык беренеси боюнча кылмыш иш козголуп, кылмышкерлерди издөө аракеттери уланууда.

Окуя тууралуу:

Буга чейин «Репортерго» 23-июнда таңкы саат 4:00 чамасында Бишкек шаарынын четиндеги Ленин айылында «Сталбек» акча алмаштыруучу жайын белгисиз адамдар тоноп кетишкендиги маалым болгон.

4 адамдын аталган жайды тоноп жаткан учуру тасмага тартылып калган. Алардын ичинен беткап, колкапчан 2 адам имаратка кирип келип, терезени атайын трос менен байлап, унаа менен тарттырып жулуп алышты. Терезени балталар менен талкалап, акчаны алып чыгып кетишкен.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8243
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×