Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Чүй облусуАламүдүн району 24.06.2018 15:33 На русском

Чүйдө 14 жаштагы өспүрүм 7 жаштагы кызды таяк менен зордуктоого шектелүүдө

Turmush -  Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүндө 7 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча маалыматты милиция кызматкерлери текшерүүдө. Бул тууралуу маалыматты Turmush басылмасына Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Милициянын маалыматына караганда, 20-июнда саат 20:55 чамасында Аламүдүн ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө ооруканага Кызыл-Бирлик айылынын 2011-жылы туулган тургуну Д.С. түшкөндүгү маалымдалган.

Окуя болгон жерге оперативдүү топ барып, ошол эле күнү саат 17:00дө айылдашы — 2004-жылы туулган А.Д., жабырлануучуга сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасагандыгын аныкташкан.

Аталган факт РИИБде катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Тергөө иштери уланууда.

Turmush басылмасына жабыркаган кыздын атасы Бекболсун [аты өзгөртүлдү] билдиргендей, окуя саат 17:30 жана 18:00 чамасында болгон.

«Балдар адаттагыдай эле көчөдө ойноп жатышкан. Бир маалда ызы-чуу болуп, кызымдын оозуна бирөө арак куюуга аракет кылып жатканын айтып калышты. Мен чуркап баргыча, тиги бала качып кетиптир. Эгерде кичинекей балдар көрбөгөндө эмне болмок билбейм. Экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Ал кызыма карата колу же таяк менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасагандыгы билине элек.

Ал өспүрүм оорулуу болгондуктан Аламүдүн районунда каттоодо турат экен. Мындай учурда ата-энеси баласын көзөмөлдөп турушу керек эле. Алар баласы тил албаганын айтышууда. Милицияга арыз менен кайрылдым. Баланын ата-энеси кечирим сурап, балабызды ооруканага жаткырабыз деп айтышууда», - деп билдирди атасы.

Өздүк булактар Turmush басылмасына билдиришкендей, жабыр тарткан кыз ооруканага оор абалда түшкөн. Кыз узак убакытка дарылануушу шарт, себеби анын ички органдары жабыр тартышы мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×