Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Чүй облусуКемин району 22.06.2018 10:43

Кеминде ээси дүкөнгө киргенде унаасын уурдап качкан шектүү кармалды

Turmush -  Кемин РИИБдин кызматкерлери автоунаа уурдоого шектелген адамды кармашты. Териштирүү иштери 54 жаштагы тургундун арызынан кийин башталган.

Аймактык кабарчынын маалыматына караганда, 20-июнда ички иштер органдарына Орловка шаарынын 54 жаштагы тургуну А.А. «Мерседец-Бенц» үлгүсүндөгү унаасын айдап качкан белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Окуя 20-июнда саат 11:00 чамасында шаардагы дүкөндөрдүн биринин жанында болгон.

Кемин РИИБдин кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин негизинде уурдалган унаа Бишкек шаарындагы базарлардын биринде табылган.

«Унаамды токтотуп, ачкычын калтырып дүкөнгө кирип кеткем. Бул учурда унаамды уурдап кетиптир. Кармалган М.М.нын ата-энеси ал психологиялык жактан жабыркай турганын айтышты», - деди жабырлануучу.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексиндеги 172-берененин (автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу) негизинде кылмыш иш козголуп, шектүү катары Орловка шаарынын 30 жаштагы тургуну М.М. кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, унаа ээсине кайтарылды. Учурда тергөө иш-чаралары улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×