Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Чүй облусуЧүй району 20.06.2018 12:42

Жезде: Экономист Н.Чакеевдин күйөө балалык доордогу жашоосу (фото)

Turmush -  Нурмат Чакеев кайын журтунун эң улуу күйөө баласы. 1988-жылы 24-ноябрда Чүй районунда төрөлгөн. Учурда Чүй райондук мамлекеттик администрациясында эмгектенип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, келинчегин муз тебүүчү жайдан таап, бир көргөндө жактырып калган.

«Студент кезде Бишкек шаарындагы муз тебүүчү жайлардын бирине коньки тепкени бардык. Ушул жерден конькини жакшы тебе албай жаткан бир сулуу кызды көрүп калдым. Ал кыз бир көргөндө жакты. Жанына барып, коньки тепкенди үйрөттүм. Экөөбүз ошол конькинин арты менен таанышып да калдык. Андан кийин жолугуп, достошуп жүрүп кыз-жигит болуп сүйлөшүп кеттик. Ошентип экөөбүз баш кошуп, бактылуу үй-бүлөнү түптөп, 2 кыздын ата-энеси болдук. Жубайымдын шайыр мүнөзү жагат. Ал жасаган тамак-аштардын ичинен ашы өзгөчө даамдуу болот. Ар кандай майрамдарда гүл бергенге аракет кылам. Кыздарыбызды сейилдетип, парктарга алып барганды жакшы көрөбүз. Ал эми кайын журттун эң улуу күйөө баласымын», - деди ал.

Нурмат Чакеев бала кезинде хирург болууну кыялданып, кийин экономист кесибин аркалоону туура көргөн.

«Мен Чүй районуна караштуу Чүй айылынын Марков атындагы №1орто мектебине 1995-жылы кабыл алынып, аны 2006-жылы аяктадым. Андан соң Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинен экономист кесибин алып чыккам. Бала кезден хирург болом деп кыялданчумун. Бирок кийин чоӊойгондо экономист кесибин тандап алдым. 5-курсумда, тактап айтканда 2010-жылы Чүй районунун каржы бөлүмүндө, 2011-жылы Коргоо министрлигинде, 2012-2015-жылдары Токмок шаарындагы бир банкта эмгектенип, 2016-жылдан бери Чүй райондук мамлекеттик администрациясында иштеп келе жатам. Келечекте ушул кесибим менен дагы да өйдөлөп, эл керегине жарасам дейм», - деди ал.

Н.Чакеев үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу.

«Менден кийин 2 карындашым бар. Атам милиция ардагери. Апам болсо бухгалтер.
Бул жашоодо өкүнгөнүм жок. Ал эми сүйүнгөнүм — ушул тармакты тандап, иштеп жүргөнүм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×