Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Чүй

Эки жаштагы кызы менен тилемчилик кылып, картон чогулткан эненин тагдыры (видео, фото)

Turmush -  Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы Жайыл баатыр көчөсүндө жайгашкан мечиттин жанында соодагер менен кайыр сураган балалуу эненин ортосунда чыр чыгып, алардын жаңжалын окуянын күбөлөрү тасмага тартып алышкан эле. Жакында эле бул күбөлөр аталган энеден кабар алышып, уруштун себептерин өзүнүн оозунан угуп, аны кайрадан тасмага түшүрүп алышкан.

«Мен ага эч нерсе кылган жокмун. Курсагыбыз ачканынан кызыма самса алып берейин деп, самса саткан эжеге бардым. "Мага бир самсы бериӊиз" десем эле, ал мени адам катары көрбөй, берер-бермексен болуп калды. Мен анын самсасын албай, урушуп кеттим. Аӊгыча болбой самса саткан аялдын жанындагы дагы бир соодагер аял артымдан келип жулкулдатып, түртүп кирди. Колумдагы кичинекей кызым ыйлап чаӊырды», - деди ал.

Аймактык кабарчы кайыр сураган балалуу эне менен байланышканда, ал өзүн Динара Бүбүшабанова деп тааныштырып, жума күнү мечиттерде тилемчилик кыларын жана мындай күндөрү базарда картон кагаздарды чогултуп сатып, оокат кыларын айтты.

«Мен өзүм Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ак-Таш айылында 1973-жылы төрөлгөм. Ушул колумдагы кызым боюмда барда жолдошум менен ажырашып кетип, Бишкек шаарына келдим. Келгенден кийин кызым Аймери төрөлдү. Мындан бөлөк дагы 1 кыз, 1 уулум бар. Алар атасы менен калган. Мектепте окушат. Кызым экөөбүз батирде жашайбыз. Ай сайын 2 миӊ сом төлөйм. Биз жакта оорукана бар. Ушул жерге кызымды көрсөтүп турам. Кызымдын ден соолугу жакшы. Мен аны жакшы карап багам. Курсагын ачырбаганга аракет кылам. 2 жашында эмдөөдөн өткөрдүм. Эми бала бакчага берип алсам, туруктуу жумуш таап иштейт элем. Учурда кызым 2 жаштан өттү», - деди ал.

Аймактык кабарчы Динара Бүбүшабанова менен урушкан соодагерге кайрылууга аракет жасап, бирок аны менен байланыша алган эмес.

Ал эми Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы 30-майда бул окуя боюнча материалдар Жайыл райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кара-Балта шаарындагы коомдук-профилактикалык борборуна жөнөтүлгөндүгүн билдирди.

Кичинекей кызы менен тилемчилик кылып жан баккан Динара Бүбүшабановага жардам берем дегендер 0776 57 11 46 номуру менен байланышса болот.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3045
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×