Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Баракелде

18 жаштагы кызды Бишкектен Жумгалга ала качып барып зордуктап салган жигит камакка алынды

Turmush -  24 жаштагы жигит 18 жаштагы кызды Бишкектен Жумгалга ала качып барып зордуктап салды. Бул тууралуу АКИpress агенттигиндеги маалымат жыйында жабырлануучу кыздын эжеси Айзат билдирди.

Анын айтымында, алар 2 айдан бери кызды ала качкан жигиттин атасынын үйүн ижарага алып жашап жатышкан.

«Ала качкан жигит биз ижарага алып жашаган үйдүн ээсинин баласы. Биз аны 1 эле жолу көргөнбүз. Ал акыркы 3-4 күндөн бери үйдө жүргөн. 10-июнда саат 16:00 чамасында ала качкан баланын эжеси сиңдимден баштыктарды көтөрүшүп коюуну суранып, андан ары ала качып кетишти. Атам алардын артынан жетпей калды. Ала качкан жигиттин эжеси телефон чалып, сиңдим эч нерсе болбогондугун айтты. Алар бизге ачуу басарга келерин айтышты. Биз алардан кызыбыз менен сүйлөштүрүүнү талап кылдык, бирок алар сүйлөштүргөн жок. Биз милицияга арыз жазарыбызды айтсак, алар телефонду өчүрүп коюшту. Биз милицияга кайрылдык», - деди ал.

Алар барган кезде кыз ыйлап, алып кетүүнү суранган.

«Алар кызды Жумгал районуна ала качып барышкан. Мен сиңдимди Жумгал РИИБден көрдүм, денеси көк ала экен. Анын айтымында, аны күч менен алып кетип, калтырууга аракет кылышкан. Азыр ооруканада жатат, баш мээси да чайкалган. Никеси жана туугандардын макулдугу жок аны ала качкан бала менен жалгыз камап салышкан. Бала аны зордуктап салыптыр», - деди Айзат.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын айтымында, азыр бала кармалды.

«Бирок ал жерде айдоочу, шектүүнүн эжеси да болгон. Алардын бардыгы эркиндикте жүрүшөт. Кылмыш бул жигиттин ата-энеси тарабынан да жасалган. Анткени алар зордуктоо үчүн бардык шарттарды түзүп берип, кызды кармашкан. ИИМден, прокуратурадан бул ишти көзөмөлгө алууну суранам», - деди ал.

Милициянын маалыматы:

Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 14-июнда билдиргендей, Ленин РИИБге 11-июнда саат 03:20 чамаларында Ак-Ордо конушунда кыз ала качуу болгону тууралуу маалымат келип түшкөн.

Түзүмдүн маалыматына караганда, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөтүлгөн. Уурдалган кыздын атасы тергөөдө ошол күнү кечинде саат 17:00 чамасында кыздын курбусу келип, экөө чогуу кеткенин билдирген. Кийинчерээк кыздын курбусу үйгө кайтып жатышканын айткан. Бирок болжол менен 18:00дөн өткөндөн кийин аларга белгисиз адам телефон чалып, кызын Жумгалга ала качып кетишкенин билдирген. Бир нече убакыт өткөн соң кыздын атасы милицияга кайрылган. Бул факты боюнча Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери уурдалган кызды алып кетишкен районго барышкан. Жумгал РИИБдин кызматкерлери менен бирге жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин негизинде кылмышка шектүү — 1994-жылы туулган А.Н. кармалды. Ала качууга дуушар болгон кыз шектүү аны зордуктаганын айткан.

Учурда адам уурдоо фактысы боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 155-берененин (аялды никеге турууга мажбурлоо, никеге туруу үчүн аны ала качуу же анын никеге турушуна тоскоолдук кылуу) негизинде кылмыш иш козголду. Кылмышка шектүү жигит 2 айга камакка алынды. Азыр тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Маалымдама:

155-берене — аялды никеге турууга мажбурлоо, никеге туруу үчүн аны ала качуу же анын никеге турушуна тоскоолдук кылуу.

(1) Аялды никеге турууга же никелешип чогуу жашоону улантууга мажбурлаганда, ошого тете аялдын никеге турушуна тоскоолдук кылганда жүздөн 200гө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же 3 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө жазаланат.

(2) Анын эркине каршы никеге туруу үчүн аялды ала качканда беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 12248
Көп окулду
×