Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Чүй

Бишкекте 3 кыздын апасы 3 эм төрөдү (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарынын 32 жаштагы тургуну Ажыбек Жамурзаевдин жубайы Орозо айында 3 эм төрөдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга анын жакындары билдиришти.

Ажыбек Жамурзаев буга чейин 3 кыздын атасы болгон. Эми ал 6 кыздын атасы болуп отурат.

«Кыздарым 4-июнда Бишкек шаарындагы №6 төрөт үйүндө болжол менен кечки саат 18:30 чамасында төрөлдү. Келинчегим экөөбүз 2011-жылы үйлөнгөнбүз. Өзүм Кара-Балта шаарында медреседе тарбиячы болуп иштейм. Аталган шаарда батирде жашайбыз», - деди ал.

Ажыбек Жамурзаев 1986-жылы Ош облусунун Чоӊ-Алай районунда төрөлгөн. Ал эми келинчеги Арафат Шерматова 1989-жылы жарык дүйнөгө келген.


Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6649
Көп окулду
×