Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Чүй облусуЖайыл району 13.06.2018 10:21

Жайылдагы жол кырсыктан жаракат алган 5 адам ооруканага жеткирилди

Turmush -  Жайыл районундагы жол-транспорт кырсыгынан 5 адам жабыркады, деп билдирди аймактык кабарчы. Алдын ала маалыматтарга караганда, жол кырсык Бишкек—Ош унаа жолундагы Талды-Булак айыл өкмөтүнүн Бекитай айылында катталган. Анын кесепетинен болжол менен саат 02:00 чамасында райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 3 адам жеткирилген.

Алар:

- 1997-жылы туулган Т.Р., Бекитай айылынын тургуну, баш сөөгүнөн жаракат алган;

- 1995-жылы туулган О.М., Талас шаарынын тургуну, баш сөөгүнөн жаракат алган;

- 1997-жылы туулган М.Ж., Сосновка айылынын тургуну. Баш сөөгүнөн жаракат алган.

Дагы эки жабырлануучу жандандыруу бөлүмүндө жатышат. 19 жаштагы К.Б. башынан жаракат алса, 20 жаштагы Т.Б. баш сөөгүнөн жаракат алып, баш мээси чайкалып, шыйрагы сынып кеткен. Бардык жабырлануучуларга медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×