Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Чүй облусуКемин району 12.06.2018 09:58

Кеминде апрель жана июнь окуяларында каза болгондордун жакындарына акчалай жардам көрсөтүлдү (фото)

Turmush -  Кемин шаарында апрель жана июнь окуяларында каза болгондорго арналган эстеликке гүл коюлуп, куран окутулду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, аталган окуяларда курман болгондордун ата-энелерине жана жаракат алгандарга Кемин райондук мамадминистрациясы тарабынан 1000 сомдон жардам берилди. Ошондой эле, курман болгон А.Сурантаевдин үй-бүлөсүнө Орловка шаардык мэриясы тарабынан 2000 сом акчалай жардам берилсе, Кемин шаардык мэриясы тарабынан 3000 сом, жаракат алган А.Абдрашевге 1000 сом жардам көрсөтүлүп, футбол боюнча турнир уюштурулду. Жаңы-Алыш айыл өкмөтү курман болгон К.Бегалиевдин ата-энесине 3000 сом акчалай жардам тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×