Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Чүй облусуАламүдүн району 12.06.2018 08:57 На русском

Түрмөдө оозун тигип, колун кескендер: Молдовановкадагы абакта жаткандар ачкачылыгын токтотушту

Turmush -  Молдовановка айылындагы №27 абакта камакта отурган адамдардын ачкачылыгы 11-июнда расмий түрдө токтотулду. Бул тууралуу АКИpress агенттигине ЖАМКтан билдиришти.

Маалыматка караганда, абактагылар өздөрүнүн талаптары мыйзамсыз экендигин моюнга алып, тамак жей башташты.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы 5-июнда Чүй облусуна караштуу Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү абагында 5-июнь күнү 10 адам ачкачылык жарыялап, 6-июнда алардын саны 60ка жеткендигин билдирген.

Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин тапшырмасы менен эркиндик чектелген жайлардагы адамдардын укуктарын көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери аталган мекемеге 9-июнда барып келишкен. Бул абакта жалпы соттолгон 89 адам жатат.

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери жеринен алган маалыматтар боюнча, расмий түрдө 60 адам ачкачылык жарыялашса, анын 9 билдирүүсүз ачкачылык жарыялашкан. Ал эми 11 адам колун кесип, 10 адам оозун тиксе, 4 адам ачкачылыктан расмий баш тарткан. Алардын негизги талабы — камакта кармоонун режимин өзгөртүү, соттолгондордун камерасын текшерүүнү азайтуу, уюлдук телефон көтөрүүгө уруксат берүү. Ошондой эле улам сөгүш берүүнү жана айып изоляторуна киргизүүнү азайтуу.

Акыйкатчы аппараты колониянын жетекчилиги менен дагы, соттолгондор, алардын лидерлери менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ачкачылык жарыялагандарга аны токтотууну сунуш кылышкан, бирок алар жогоруда келтирилген талаптар аткарылмайын ачкачылыкты токтотпой турганын айтышкан.

Бул маселе акыйкатчынын көзөмөлүндө турган. Акыйкатчы аппараты дүйшөмбү күнү абактан кайрадан кабар алмак болгон.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери да аталган абакта болгонун директору Нурдин Сулайманов АКИpress агенттигине билдирген болчу.

«Биздин кызматкерлер ачкачылык жарыяланган күнү — 5-июнда абакта болуп, айрым соттолуучулар, администрация менен сүйлөштү. Камактагылар кыйноолорго же катаал мамилеге арызданган жок, алардын негизсиз талаптары: камеранын ичинде уюлдук байланышка (телефон) жана электр плитасын колдонууга уруксат сурап жатышат», - деген ал.

Ал кошумчалагандай, ачкачылык жарыялагандар тамак-ашка дагы нааразы болушкан. Бирок аталган борбордун кызматкерлери барган учурда аларга түшкүсүн балык кошулган тамак берилип жаткан.

Ал эми АКИpress агенттигине булактар аркылуу маалым болгондой, ачкачылык жарыялагандардын басымдуусу экстремизм жана терроризм боюнча айыпталгандар.

«Абакта 1992-жылы туулган айыпталуучу «смотрящий болууну каалап, ачкачылык аркылуу өзүнүн күчүн көрсөтүп жатат», - деп айтылган булактын билдирүүсүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×