Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 11.06.2018 16:37 На русском

Аламүдүндөгү май куюучу жайда 34 жаштагы адамды сабаган шектүү жигит кармалды

Turmush -  Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери 34 жаштагы адамды ур-токмокко алууга шектелген жигитти кармады. Окуя 8-июнга караган түнү Лебединовка айылындагы май куюучу жайда болгонун Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, белгисиз жигит аталган айылдын 34 жаштагы тургуну С.М.ны себепсиз ур-токмокко алган. Аламүдүн РИИБдин кызматкерлеринин ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектелип Новопокровка айылынын 22 жаштагы тургуну К.А. колго түшүрүлдү.

Бул факты кылмыштарды каттоо китебине түшүрүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×