Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Чүй

Алтынбек Намазалиев Аламүдүн районунун акими болуп дайындалды

Turmush -  Намазалиев Алтынбек Абдисаламович Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул кызматта Чодуров Касымбек Жалилович иштеп жаткан.

А.Намазалиев буга чейин Бишкек шаарындагы прокуратурада өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчү болуп иштеп келген. 2014-жылы сентябрдан баштап Чүй облусунун Чүй районунда прокурордун орун басары, ушул эле жылдын 24-сентябрынан тартып Чүй облусунун Жайыл районунда прокурордун орун басары болуп дайындалган. 2016-жылдын 16-декабрынан баштап Жайыл районунда прокурордун милдетин убактылуу аткаруучу болгон.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, А.Намазалиев Кара-Балта шаарындагы «Азия-2» базарынын соодаргерлеринин шайлоочулардын конституциялык укуктарынын бузулушу жөнүндө жамааттык арызы боюнча Жайыл РИИБдеги материалга талаптагыдай прокурордук көзөмөл болгон эмес деген жүйөө менен кызматынан бошотулган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 545
Көп окулду
×