Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Чүй облусу 11.06.2018 13:05 На русском

«Орозо айтка кийим сатып алууга барган»: Сокулукта трактор менен кичи автобус кагышып, өспүрүм кыз көз жумду (видео)

Turmush -  Кечээ, 10-июнда саат 18:00 чамасында Сокулуктун Төмөнкү Чүй айылында трактор менен кичи автобустун катышуусунда жол кырсык болуп, адам өмүрү кыйылды. АКИpress агенттигине маалым болгондой, 2003-жылы туулган кыз окуя болгон жерде көз жумган.

Шаардык ооруканага жеткирилген жабырлануучулар:

- 1968-жылы туулган И.У., (баш мээси, билеги жабыркаган);

- Д.М., (баш мээси, бети жабыркаган);

- 2002-жылы туулган С.Г., (башы жана баш мээси жабыркаган).

Ошондой эле жолдон өткөн унаалардын жардамы менен 1991-жылы тулган Г.Н. кызы ооруканага барып, жардам алгандан кийин үйүнө чыгарылды. Учурда тиешелүү органдардын өкүлдөрү иштеп жатышат.

Күбөлөрдүн айтымында, каза болгон кыз Камышанов—Бишкек каттамы менен жүргөн кичи автобус менен Бишкектен кайтып келе жаткан.

«Трактор менен кичи автобустун айдоочусу Төмөнкү Чүй айылынын тургундары. Калган жүргүнчүнүн баары Камышанов айылынын жашоочулары.

Бул кырсыктын кесепетинен биздин айылдын 15 жаштагы тургуну М.М. каза болду. Ал үй-бүлөдө кичүү кыз болчу. Андан улуу эжеси жана байкеси бар. Мындан 5-6 жыл мурун атасы да каза болуп калган. Апасы жалгыз бой. Айт майрамына карата дос кыздары менен шаарга кийим сатып алганы барыптыр. Апасы башка күнү эле бар десе болбой чыккан экен», - деп билдиришти күбөлөр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
1
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×