Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Чүй

Токмокто 9-кабатка чыккан жаш кыз секирүүгө аракет кылган

Turmush -  Токмок шаарынын тургундары өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаш кызды куткарып калышты. Ал боюн таштоо үчүн Жантаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 9-кабатына чыккан.

ӨКМ маалымдагандай, 9-июнда саат 17:42 чамасында айтылган дарекке аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жөнөтүлгөн. Алар жеткенге чейин кызды 9-кабаттан жергиликтүү тургундар алып түшүүгө жетишкен. Учурда окуянын чоо-жайы такталып жатат.

Күбөлөрдүн айтымында, аталган кыз 13-14 жашта болгон.

«Токмок шаарындагы Жантаев жана Шамшы көчөлөрүнүн кесилишинде толук курулуп бүтө элек 9 кабаттуу турак үй жайгашкан. Ал кыз ошол үйдүн эӊ жогорку кабатынын терезесинен бутун салаӊдатып шектүү отурганын көрүп, дароо ӨКМдин кызматкерлерине телефон чалдык. Кыз бизди көрүп артка жылды да, жерге түшүп качып кетти. Ал кетери менен 2-3 мүнөттөн кийин куткаруучулар келди», - деп билдиришти күбөлөр.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 456
Көп окулду
×