Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Чүй облусуКемин району 11.06.2018 10:13

Жубайлар: А.Раев менен Д.Кожомкулованы 25 жыл мурун «Танцор диско» тасмасы табыштырган (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарынын тургундары Адам Раев менен Динара Кожомкулованын бирге түтүн булатып, бактылуу үй-бүлө куруп жашап келе жаткандарына 25 жыл болду. Бактылуу жубайлар жөнүндө аймактык кабарчыга алардын кенже кызы Альбина Адамова айтып берди.

Альбинанын ата-энесин индиялыктардын «Танцор диско» тасмасы тааныштырган.

«Апам Дөӊ-Арыктагы улуу эжесинин үйүнө конокко барып, андан соң курбу кыздары менен айылдагы маданият үйүнө ошол кезде өтө популярдуу болгон "Танцор диско" тасмасын көргөнү барган экен. Ошол жерден атам менен таанышып калыптыр. Быйыл чогуу түтүн булатып, бактылуу жашап жаткандарына 25 жыл болду. Бир уул, бир кызды тарбиялап өстүрүштү. Кенжеси менмин, менден улуу агам бар.

Апам бактылуу үй-бүлө куруш үчүн эки жаш бири-бирине сөзсүз түрдө ишенип, бирин-бири түшүнүп, ортодо сүйүү болуш керек деп айтат. Жолдошуӊду сыйласаӊ ал да сени жакшы көрүп сыйлап, урматтайт. Ошондой эле үй-бүлөлүк маселелерди чогуу чечип, оюн угуш керек деп бизге акыл-насааттарын айтат», - деди ал.

Атасы Адам Раев 1964-жылы 12-октябрда Чүй облусунун Токмок шаарындагы Дөӊ-Арык айылында төрөлгөн. Апасы Динара Кожомкулова 1975-жылы 9-майда Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы Тельман айылында жарык дүйнөгө келген.

«Атам Токмок агроөндүрүш колледжин аяктап, азыркы учурда курулушчу болуп эмгектенсе, апам Кара-Балта шаарындагы медициналык колледжди аяктап, Токмокто шаардык ооруканада эмгектенип келген. Азыркы учурда үй кожойкеси. Эң бактылуу көз ирмемдери, албетте, эӊ биринчи балалуу болушканда, андан соӊ мен жаралганда жана байкем үйлөнгөндө болгонун айтышат. Атам небере жытын жыттаганда да эӊ бактылуу адам болгон», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×