Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Чүй

Мекендештер: Англис, француз тилдеринде эркин сүйлөгөн К.Жапаров Париждеги кыргыз диаспорасын жетектейт (фото)

Turmush -  Панфилов районунун Жайылма айылынын 31 жаштагы тургуну Канимет Жапаров 2011-жылдан бери Франциянын Париж шаарында жашап жатат. Ал француз-кыргыз маданият ассоциациясын жетектеп жатканын аймактык кабарчыга мекендешибиздин ата-энеси билдирди.

К.Жапаров Бишкек шаарындагы аскердик окуу жайды аяктап, Ош облусундагы чек арада кызмат өтөгөн. Ал келишим бүткөндөн кийин алгач Америкага, андан соң Францияга барып иштеген.

«Уулубуз Парижде 2011-жылдан бери жашап жатат. Акыркы мезгилдерде бокс боюнча спорттук инструктор болуп иштеп жаткан. Францияда кыргызстандык жарандар көп экен. Алардын айрымдары үй-бүлөсү менен иштесе, айрымдары аталган өлкөдө жашайт. Уулубуз мекендештерибиздин балдарын спорт менен машыктырат. Канимет балдарды жана чоңдорду бокс, күрөш менен машыктыруучу спорттук мектеп ачууну пландап жатат. Ал бир туугандарынын арасында эң кичүүсү жана үй-бүлө кура элек», - дешти К.Жапаровдун Панфилов районунда жашаган ата-энеси.

Алардын айтымында, мекендешибиз ушул жылдын кыш мезгилинде Париждеги кыргыз диаспорасынын президенти болуп тандалган.

«20-январь күнү уулум кыргыз диаспорасына предидент болуп тандалганын билдирди. Ал 21-март — Нооруз майрамында мекендештерибиз менен бирге Эйфель мунарасынын жанындагы аянтта "Кара жорго" бийин бийледи. Канимет англис тилин Америкада, француз тилин Францияда үйрөндү. Ал француз тилинде Кыргызстандын маданияты тууралуу тренингдерди өтүп, лекцияларды окуйт. Бул сабактардын башкы максаты — көп улуттуу Франциянын жашоочуларын биздин өлкө менен тааныштыруу. Канимет мектепте 4 деген баага окучу. Биз жумуштан үйгө келгенден кийин дароо көчөгө чуркап кетчү. Дайыма үйгө бир нерселерди алып келчү. Анын тил үйрөнүүгө болгон талантын көргөн эмеспиз. Бирок дүйнөлүк тарых жана география сабактарына кызыкчу », - дешти алар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 570
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×