Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Чүй облусу 10.06.2018 15:33

Жаңы «смотрящий»: Молдовановкадагы абакта ачкачылык жарыялагандар 60га жетип, 11 адам колун кессе, ону оозун тиккен

Turmush -  Чүй облусуна караштуу Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү абагында 5-июнь күнү 10 адам ачкачылык жарыялаган. Алардын саны 60га жетти, деп билдирди Акыйкатчы институтунун бама сөз кызматы.

Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин тапшырмасы менен эркиндик чектелген жайлардагы адамдардын укуктарын көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери аталган мекемеге кечээ, 9-июнда барып келишкен. Бул абакта жалпы соттолгон 89 адам жатат.

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери жеринен алган маалыматтар боюнча, расмий түрдө 60 адам ачкачылык жарыялашса, анын тогузу билдирүүсүз ачкачылык жарыялашкан. Ал эми 11 адам колун кесип, 10 адам оозун тиксе, 4 адам ачкачылыктан расмий баш тарткан. Алардын негизги талабы — камакта кармоонун режимин өзгөртүү, соттолгондордун камерасын текшерүүнү азайтуу, уюлдук телефон көтөрүүгө уруксат берүү. Ошондой эле улам сөгүш берүүнү жана айып изоляторуна киргизүүнү азайтуу.

Акыйкатчы аппараты колониянын жетекчилиги менен дагы, соттолгондор, алардын лидерлери менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ачкачылык жарыялагандарга аны токтотууну сунуш кылышты, бирок алар жогоруда келтирилген талаптар аткарылмайын ачкачылыкты токтотпой турганын айтышкан.

Бул маселе акыйкатчынын көзөмөлүндө. Акыйкатчы аппараты дүйшөмбү күнү абактан кайрадан кабар алат.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери да аталган абакта болгонун директору Нурдин Сулайманов АКИpress агенттигине билдирген болчу.

«Биздин кызматкерлер ачкачылык жарыяланган күнү — 5-июнда абакта болуп, айрым соттолуучулар, администрация менен сүйлөштү. Камактагылар кыйноолорго же катаал мамилеге арызданган жок, алардын негизсиз талаптары: камеранын ичинде уюлдук байланышка жана электр плитасын колдонууга уруксат сурап жатышат», - деди ал.

Ал кошумчалагандай, ачкачылык жарыялагандар тамак-ашка дагы нааразы болушкан. Бирок аталган борбордун кызматкерлери барган учурда аларга түшкүсүн балык кошулган тамак берилип жаткан.

Ал эми АКИpress агенттигине булактар аркылуу маалым болгондой, ачкачылык жарыялагандардын басымдуусу экстремизм жана терроризм боюнча айыпталгандар.

«Абакта 1992-жылы туулган айыпталуучу «смотрящий болууну каалап, ачкачылык аркылуу өзүнүн күчүн көрсөтүп жатат», - деп айтылат булактын билдирүүсүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×